
Ж АҢЫЛЫКТАР

Студенттик ЖОЖдор аралык илимий-практикалык конференция "Менин лингвистим. Англис тилиндеги айтылыш көйгөйлөрү"
2022-жылдын 25-ноябрында БАЭУда Борбордук Азия Эл аралык университетинин «Лингвистика. Англис тили» программасы менен Гуманитардык-техникалык колледждин «Котормочулук иши» программасы тарабынан уюштурулган «Менин лингвистим. Англис тилиндеги үн айтылыш көйгөйлөрү» аттуу студенттик илимий-практикалык конференция өттү.
25/11/22

Тилдик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу
2024- жылдын 19-ноябрында Борбордук Азия Эл аралык университетинде «Тил билими жана критикалык ой жүгүртүү» аттуу педагогикалык чеберчилик семинар-тренинги өттү. Бишкек жана Токмок шаарларынан келген 30дон ашык англис тили мугалимдери жана окутуучулары квалификациясын жогорулатуу, тажрыйба бөлүшүү жана жаңы маалымат алуу үчүн чогулушту. Иш-чаранын башкы спикери АКШнын Чикаго шаарындагы North Park университетинин профессору Деннис Бриколт болду — чет тилдерди окутууда 40 жылдан ашык тажрыйбасы бар уникалдуу адис.
19/11/22

«Жашыл экономиканын аймактык аспектилери: реалдуулук жана перспективалар» Эл аралык конференциясы
2022-жылдын 7-июнунда К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде ERASMUS+ программасынын «Азиянын 3 өлкөсүндө жашыл экономикасын бекемдөө: Индия, Кыргызстан жана Непал» (EGEA) долбоору боюнча «Жашыл экономикасынын регионалдык аспектилери: чындык жана келечек» аттуу 1-эл аралык конференция башталды.
6/6/22

Кызматташтык жаны темпин алууда
Борбордук Азия Эл аралык университетине иш сапары менен Баргена шаарынын бала бакча тармагындагы адистери — Кирсис Мерседес Харлен, Кэлли Луис Вактскьолд жана Анна-Мэй Лейгурлен Эббесвик келишти. Сапар программасы кенен талкууланып, коноктордун келечектеги кызматташтыкты карап чыгууга, Токмок жана Бишкек шаарларындагы бала бакчалар менен таанышууга, ошондой эле Кыргызстандын белгилүү жайларын көрүүгө мүмкүнчүлүгү болду.
24/5/22

«Билим берүү: көйгөйлөр жана перспективалар, баалуулуктар жана инновациялар»
2022-жылдын 30-апрелинде Борбордук Азия Эл аралык университети Кыргыз билим академиясы менен биргеликте «Билим берүү: көйгөйлөр жана келечек, баалуулуктар жана инновациялар» аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрдү.
29/4/22




