
МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР
ПРОГРАММА МИССИЯСЫ
«Маалыматтык технологиялар» багытынын миссиясы — бакалаврларды окутуу учурунда программалык камсыздоону иштеп чыгуу боюнча квалификациялуу адистерди комплекстүү жана сапаттуу даярдоо.


ПРОГРАММА ТУУРАЛУУ
"Маалыматтык технологиялар" — бул дүйнөгө жана күнүмдүк турмушка тынымсыз таасир эткен, кызыктуу, татаал жана тынымсыз өнүгүп жаткан тармак.
Бүгүнкү күндө компьютерди билүү — жазуу жана окуу билгичтигинен кем эмес зарыл көндүм болуп калды. Эгер сизди ошол эле учурда компьютер кандай иштейт, маалымат менен кандай программалар иштейт, маалымат текст, сан гана эмес, графика, web-баракчалар, аудио жана видео файлдар түрүндө кандай иштелет, программалык кодду кантип жазса болот жана компьютердик тиркемелерди кантип түзсө болот деген суроолор кызыктырса — анда Борбордук Азиянын Эл аралык Университетинин "Маалыматтык технологиялар" багыты дал сиз үчүн!
Сиз жаңыдан баштап программалык камсыздоонун иштеп чыгуучусуна чейин жеткен жолду басып өтүп, компьютердик…











