
«Билим берүү: көйгөйлөр жана перспективалар, баалуулуктар жана инновациялар»
2022-жылдын 30-апрелинде Борбордук Азия Эл аралык университети Кыргыз билим академиясы менен биргеликте «Билим берүү: көйгөйлөр жана келечек, баалуулуктар жана инновациялар» аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрдү.
29/4/22
IUCA
Куттуктоо сөз менен КАО президенти, профессор Дүйшеева Назира Кубанычбековна, БАЭУ президенти, профессор Джон Росслин Кларк, провост, профессор Шаршекеева Камилла Дүйшебаева сөз сүйлөштү. Пленардык жыйында баяндамаларды Кембридж университетинен — Дэвид Фрост, Москва психология-педагогика университетинен — профессор Бронюс Айсмонтас, Азербайжан Дипломатия Академиясынан — Микаилова Ульвия, Бейдуллаева Айсел, Казакстандын аялдар педагогика университетинин ректору Канай Гүлмира жасашты.
Секцияларда КАО жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынан: Баласагын атындагы КНУ, Ельцин атындагы КРСУ, И.Арабаев атындагы КГУ, МУКР, ОшМУ, Эл аралык Кувейт университети, БАЭУ окутуучулары, изилдөөчүлөр сөз сүйлөштү. Ардактуу коноктор катары биздин стейкхолдерлер чакырылды. Баяндамалардын темалары ар түрдүү болуп, катышуучулар конференцияда глобалдашуу доорунда билим берүүдөгү көйгөйлөрдүн өлкөгө карабай окшош экенин белгилешти. Мындай талкуу аянтчаларын уюштуруу, тажрыйба алмашуу, инновациялык идеяларды талкуулоо жана билим берүү мекемелеринин жана дүйнөлүк педагогикалык коомчулуктун өсүү чекиттерин аныктоо маанилүү экенин баса белгилешти.
БАЭУнун администрациясы КАО президенти, профессор Дүйшеева Назира Кубанычбековнага Эл аралык илимий-практикалык конференцияны биргеликте өткөрүү демилгесин колдогону үчүн терең ыраазычылык билдирет! Бул дагы натыйжалуу кызматташтыкка жол ачкан кадам болот деп үмүттөнөбүз!
