
ЛИНГВИСТИКА. АНГЛИС ТИЛИ
ПРОГРАММА МИССИЯСЫ
Программанын миссиясы — эффективдүү педагогикалык ишмердүүлүккө жана маданияттар аралык коммуникацияга жөндөмдүү, жогорку квалификациялуу, интеллектилүү адистерди калыптандыруу. Биздин максат — жоопкерчиликтүү, чынчыл жана толеранттуу лидерлерди тарбиялоо, алар критикалык ой жүгүртүүнүн көндүмдөрүнө ээ болуп, үзгүлтүксүз өзүн өркүндөтүүгө жана кесиптик өсүүгө жөндөмдүү болушат. Биз бүтүрүүчүлөрүбүз теориялык билимдерди жана лингвис тика жана билим берүү жаатындагы инновациялык ыкмаларды бириктирип, коомго маанилүү салым кошооруна умтулабыз.


ПРОГРАММА ТУУРАЛУУ
«Лингвистика. Англис тили» багытынын өзгөчөлүгү — студенттер лингвистика тармагында терең негизги билим алып, англис тилин мыкты деңгээлде өздөштүрүп, экинчи чет тилин (немис же француз тилин) үйрөнүшөт. Ошондой эле чет тилдерди окутуунун методикасы жана котормо иши боюнча теориялык жана практикалык даярдыктан өтүшөт. Сабактар англис тилинде өтөт.











