
«Жашыл экономика: эл аралык тажрыйба» онлайн тренинги
13-июнда Финнадзордун аянтчасында «Жашыл экономика: Эл аралык тажрыйба» аттуу онлайн семинардын алкагында мамлекеттик кызматкерлер менен жолугушуу өттү.
12/6/22
IUCA
Борбордук Азиядагы Эл аралык университет Erasmus+ долбоорунун алкагында «Азиянын үч өлкөсүндө жашыл экономикасын бекемдөө: Непал, Индия, Кыргызстан» (EGEA) программасы менен Кыргызстанда жашыл экономика саясаты тууралуу билимди жайылтуу иш-чараларын улантууда.
2022-жылдын 23-27-июнь аралыгында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын мамлекеттик кызматкерлери үчүн «Жашыл экономика: эл аралык тажрыйба» аталышындагы онлайн тренинг иштелип чыгып, өткөрүлдү. 13-июнда Финнадзардын имаратында өткөн «Жашыл экономика: Эл аралык тажрыйба» онлайн семинарынын алкагында Финнадзардын Борбордук аппаратынын жана Түштүк аймактык башкармалыгынын кызматкерлерине күбөлүктөрдү салтанаттуу тапшыруу аземи болду.
Лекцияларда республика өнүгүшүнө таасир эткен кеңири темалар камтылды: корпоративдик социалдык жоопкерчилик, таштандыларды башкаруу, экотуризм, экотуулуктук укук, айыл чарба, мамлекеттик саясат жана социалдык активдүүлүк. Финнадзар кызматкерлери семинарда активдүү катышып, Кыргызстандын келечегинин экономикалык жана экологиялык маселелери талкууланды. Лекторлор катары БАЭУнун окутуучулары Айгүл Абдукаримова, Анжела Исламова жана Нурзад Алымуулова чыгышты. Финнадзардын төрагасы Сарбанов У.К. кошумча жолугушууларга жана конок лекторлук сабактарга кызыгуу билдирди. Ошондой эле иш-чарада БАЭУнун кызматкерлери катышуучуларга жана Финнадзардын жетекчилигине активдүү катышуусу үчүн ыраазычылык билдиришти.
