top of page

"Акысыз юридикалык жардам" акциясы
Токмок шаары менен Чүй районунун тургундары үчүн квалификациялуу юристтерден турган ЦК ГГЮП, МУЦАнын Гуманитардык-техникалык колледжи (ГТК) жана АЮККнын клиницистери биргелешип уюштурган «Акысыз укуктук жардам» акциясы башталды.
22/6/22
IUCA
Акциянын максаты — калкка мыйзам ченемдеги акысыз укуктук консультацияларды көрсөтүү жана «Мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам» жөнүндө мыйзамдын алкагында маалымат берүү.
Аймактын тургундары юристтерге ар кандай маселелер боюнча кайрыла алышты: жер участокторун жана турак жай мүлкүн каттоо, үй-бүлөлүк чатактарды чечүү, сотторго жана укук коргоо органдарына кайрылууларды даярдоо, мурас талаш-тартыштары, юридикалык документтерди иштеп чыгуу, эмгек талаштары жана башка суроолор. Акция 2022-жылдын 22-июнунда «Плаза» соода борборунда жана Токмок шаарынын борбордук аянтында өткөрүлдү.
1/0
bottom of page
