
«Жашыл экономиканын аймактык аспектилери: реалдуулук жана перспективалар» Эл аралык конференциясы
2022-жылдын 7-июнунда К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде ERASMUS+ программасынын «Азиянын 3 өлкөсүндө жашыл экономикасын бекемдөө: Индия, Кыргызстан жана Непал» (EGEA) долбоору боюнча «Жашыл экономикасынын регионалдык аспектилери: чындык жана келечек» аттуу 1-эл аралык конференция башталды.
6/6/22
IUCA
Пленардык жыйында Европа, Индия, Непал жана Кыргызстан өкүлдөрү сөз сүйлөдү. Секциялык иш-чаралар төрт багытта өткөрүлдү:1-секция — «Аймактарды туруктуу өнүктүрүү үчүн жашыл экономиканын социалдык-экономикалык аспекттери», EGEA долбоорунун алкагында ачылган GreenLab жашыл лабораториясында;2-секция — «Жашыл экономиканын өнүгүүсүндө табигый, техникалык жана тиркемелүү илимдер», #DigiKonush санариптик көндүмдөр борборунда;3-секция — «Жашыл экономиканын өнүгүүсүндө билим берүү системасынын ролу», түрк тили борборунда;4-секция — «Тоолуу аймактарда жашыл туризм жана конокту кабыл алуу өнүгүүсү», түрк тили борборунда.
Борбордук Азиядагы Эл аралык университеттин окутуучулары катышты. К.э.н., доцент Айгүл Абдукаримова «Акылдуу шаарларда жа шыл технологиялар» аттуу баяндамасында жашыл технологиялар, маалымат-компьютердик технологиялар жана жергиликтүү коомчулуктардын негизинде өнүгүп жаткан акылдуу шаарларда туруктуулуктун ролун иликтеди. Акылдуу шаарды калыптандыруудагы жашыл экономика жана акылдуу шаар атрибуту катары негизги мүмкүн болгон “жашыл” технологиялар өзгөчө орун алды.
Акылдуу шаар маселелери боюнча изилдөөлөрдүн негизинде акылдуу шаарлар концепциясынын негизги принциптери сунушталды.
Старший окутуучу Анжела Исламова «Айылдык туризмдин өнүгүү жолдору: Кыргызстандын жергиликтүү коомчулуктарынын элдик кол өнөрчүлүгү» деген баяндамасында Кыргызстандын айылдык ишкерлери тарабынан чыгарылган кол өнөрчүлүк продукциясын жайылтууга таасир эткен жана аны токтоткон факторлорду талдап, айыл туризмин ар кандай деңгээлде колдоо механизмдерин карады.
Старший окутуучу Нурзат Алымкулова «Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугунун актуалдуу маселелери боюнча мыйзамдары» аттуу баяндамасы менен чыкты.
Өз сөзүндө ал экологиялык коопсуздуктун түшүнүгү жана маанисин ачып, Кыргыз Республикасынын учурдагы экологиялык мыйзамдарын карап чыкты. Мындан тышкары, антропогендик жана табигый таасирлерден келип чыккан коркунучтарга каршы биосферанын жана адамзат коомчулугунун корголуу абалын илимий негизде талдады.
