top of page
Тилдик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу
2024-жылдын 19-ноябрында Борбордук Азия Эл аралык университетинде «Тил билими жана критикалык ой жүгүртүү» аттуу педагогикалык чеберчилик семинар-тренинги өттү. Бишкек жана Токмок шаарларынан келген 30дон ашык англис тили мугалимдери жана окутуучулары квалификациясын жогорулатуу, тажрыйба бөлүшүү жана жаңы маалымат алуу үчүн чогулушту. Иш-чаранын башкы спикери АКШнын Чикаго шаарындагы North Park университетинин профессору Деннис Бриколт болду — чет тилдерди окутууда 40 жылдан ашык тажрыйбасы бар уникалдуу адис.

19/11/22

IUCA

Катышуучулар англис тилин окутуунун кызыктуу дүйнөсүнө киришип, чоң топтордо англис тилин кантип окутууну үйрөнүштү; интенсивдүү англис тилин окутуу методикасы менен таанышышты; англис тилин үйрөтүүнүн баштапкы баскычындагы өзгөчөлүктөрүн талкуулашты.

Семинарга катышкандар жылуу жана достук чөйрөнү, иш-чаранын жогорку деңгээлде уюштурулганын, ошондой эле профессор Деннис Бриколттун кесипкөйлүк компетенциясынын жогорку экенин белгилешти. Семинар-тренингди жыйынтыктап, Борбордук Азиядагы Эл аралык университеттин вице-президенти Эсентур Ивагов БАЭУ өлкөдө жана аймакта тилдик билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өз салымын улантарын баса белгиледи.

Доктор Дэннис Бриколт, PhD — Фулбрайт программасынын эки жолку стипендиаты, АКШнын Чикаго шаарындагы Норс Парк университетиндеги ESL программасынын директору (англис жана испан тили экинчи чет тил катары окутулат). Ал англис тилин окутуу жана мугалимдерди даярдоо жаатында 40 жылдан ашуун тажрыйбага ээ жана АКШда, Гватемалада, Испанияда, Венгрияда, Эквадордо, Чилиде, Аргентинада, азыр болсо Кыргызстанда иштеп келет. Ал “Билим берүүдөгү лидерлик” багытында доктордук даражага ээ (Лойола университети, Чикаго), ошондой эле англис тилин экинчи тил катары окутууга басым жасаган тиркемелүү лингвистика боюнча магистр даражасын (Иллинойс Түндүк-Чыгыш университети), ошондой эле билим берүү боюнча магистр даражасын (CESEM бизнес мектеби, Барселона) алды. CELTA жана TESOL сертификаттары бар (Англис тилин чет тили катары окутуу боюнча). Азыркы учурда ал Норс Парк университетинде ESL программасынын директору жана испан тилинин профессору болуп эмгектенет.

Дарек:

Кыргызстан Республикасы,

Токмок, Шамшы 2

Почтабыз: info@iuca.kg

Тел.: +996 3138 60263

Тел.: +996 503 434 410

  • Whatsapp
  • Instagram
  • Facebook
  • YouTube
bottom of page