
ПЕДАГОГИКА
ПРОГРАММА МИССИЯСЫ
«Педагогика» багытынын миссиясы — жогорку сапаттагы билим берүү жана инновациялык окутуу ыкмаларын колдонууга, чыгармачыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө жана лидерлик жөндөмдөрдү калыптандырууга жөндөмдүү квалификациялуу педагогдорду даярдоо. Биз студенттерди шыктандырып, теориялык билимдерди, практикалык көндүмдөрдү жана ийгиликтүү карьера үчүн зарыл этикалык принциптерди берүүгө умтулабыз.


ПРОГРАММА ТУУРАЛУУ
Сапаттуу билимге болгон муктаждык эч качан жоголбойт. Өлкөнүн ар бир бурчунда жүздөгөн уюмдар квалификациялуу педагогдорго муктаж.
Качандыр бир кезде бирөө: «Жакында ата-энелер балдары үчүн жакшы мугалим издей баштайт» деп айткан экен. Ошол учур келди. Эми мугалимдин сабаттуу, кесипкөй, адилеттүү, окуучунун инсандыгын урматтаган, ошол эле учурда боорукер, заманбап жана чыгармачыл болушу абдан маанилүү.
Дал ошондой мугалимди бүгүн ата-энелер, мектеп администрациясы жана ар бир билим берүү борбору издеп жатат.
Борбордук Азиянын Эл аралык Университетинин «Педагогика » багытынын квалификациялуу профессордук-окутуучулар жамааты студенттерди дал ошондой мугалим кылып тарбиялоону максат кылат.











