Кошумча билим берүү борборунун жетекчиси (КББ)
Вакансия: Кошумча билим берүү борборунун жетекчиси
Иш жери: Борбордук Азия эл аралык университети (Токмок шаары)
Сүрөттөмө
Кошумча билим берүү борбору — Борбордук Азия эл аралык университетинин жаңы түзүмдүк бөлүмү. Бул борбор учурдагы көндүмдөр боюнча кыска жана орто мөөнөттүү курстарды сунуштоо максатында түзүлгөн. Биз Токмок калкына чет тилдерди үйрөнүү, санариптик сабаттуулук, ишкерчилик көндүмдөрү жана башка актуалдуу предметтер боюнча курстарды сунуштоону пландап жатабыз. Борбордун негизинде университеттин билим берүү программаларынын негизинде атайын квалификацияны жогорулатуу курстары да сунушталат. Биз университеттин жетекчилиги менен өнөктөштүктө өз алдынча иштей алган борбордун жетекчисин издеп жатабыз.
Милдеттер:
Борбордук Азия эл аралык университетинин жетекчилиги менен өнөктөштүктө Кошумча билим берүү борборунун өнүгүү стратегиясын иштеп чыгуу;
Кошумча билим берүү борборун түзүү жана өнүктүрүү;
Борбордун ишке кириши жана иштеши менен байланышкан бардык юридикалык маселелерди чечүү;
Билим берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн базарды изилдөө жана максаттуу топторду аныктоо;
Борбордун өнүгүү стратегиясын жана иштөө моделин университеттин жетекчилиги менен бирге түзүү;
Офлайн жана онлайн форматтарда акы төлөнүүчү окуу программаларын ишке киргизүү жана башкаруу;
Борбордун ишмердүүлүгү тууралуу туруктуу отчетторду даярдоо.
Талаптар:
Жогорку билим (адистик же магистр даражасы);
Жогорку окуу жай системасында кеминде 3 жылдык иш тажрыйбасы;
Кыйын процессаларды башкаруу тажрыйбасы, билим берүү түзүмдөрүн башкаруу тажрыйбасы артыкчылык болуп эсептелет;
Төмөнкү талаптар артыкчылык болуп саналат:
Билим берүү тармагында илимий жана окуу-усулдук басылмалар, изилдөөлөрдүн болушу;
Англис жана кыргыз тилдерин билүү;
Окуу планын түзүү жана долбоорлоо көндүмдөрү.
Биз сунуштайбыз:
Университеттин штаттык кызматкери катары иштөө;
Окуу программаларын ишке ашыруунун натыйжаларына жараша туруктуу айлык жана бонус;
Чет өлкөлүк жана ички университеттерде кесиптик өнүгүү жана окуу мүмкүнчүлүгү;
Көп тилдүү кесипкөйлөр командасында иштөө;
Академиялык эркиндик жана адилеттик шарттарында толук өзүн-өзү ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү;
Айлык интервью жыйынтыгы менен аныкталат;
Иш графиги эркин, зарыл болсо Токмок шаарында кызматтык батир берилет.
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди берүүнү суранабыз:
Сүрөтү бар резюме (орус же англис тилдеринде);
Кандидатты сунуштай ала турган адамдардын тизмеси (кеминде 2 адам);
Билим жөнүндө дипломдордун, илимий даражалардын жана/же наамдардын көчүрмөлөрү;
Мотивациялык кат.
Документтерди hr@iuca.kg дарегине "Кошумча билим берүү борборунун жетекчиси" вакансиясы боюнча деген белги менен 2023-жылдын 10-октябрына чейин жөнөтүңүз.
