Карьерды өнү ктүрүү борборунун жетекчиси (КӨБ)
КАРЬЕРАНЫ ӨНҮКТҮРҮҮ БОРБОРУНУН (ЦРК) ЖЕТЕКЧИСИНЕ КОЙУЛУУЧУ ТАЛАПТАР:
Жогорку билим;
Англис, мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
ЖОЖдо, компанияларда, эл аралык уюмдарда иштөө тажрыйбасы;
Жогорку коммуникативдик жөндөмдүүлүк;
Университеттин ишмердүүлүгүн массалык маалымат каражаттарында жарнамалоо үчүн маркетинг куралдарын колдонуу.
Жетекчинин негизги милдеттери:
Иштөөчү жумуш берүүчүлөрдү издөө жана студенттер үчүн практика уюштуруу;
Бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусун (маалымат базасы боюнча) көзөмөлдөө жана алар менен байланышты кармоо;
Студенттерге жана бүтүрүүчүлөргө ЦРКнын университет ичинде жана сыртында өткөрүлгөн иш-чаралары (ишке орноштуруу жарманкеси, жумуш берүүчүлөрдүн презентациялары, семинарлар, тренингдер, мастер-класстар, бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуусу ж.б.) жөнүндө маалымат таратуу;
Студенттерге жана бүтүрүүчүлөргө карьераны өнүктүрүү боюнча консультация берүү;
Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кесиптик багыт берүү иштери.
Иш шарттары:
Иштин жайгашкан жери — Токмок шаары, Шамсинская көчөсү, 2, МУЦА;
Ар кайсы тармактардагы көп тилдүү адистер командасында иштөө;
Айлык маяна маектешүү жыйынтыктары боюнча аныкталат.
Керектелүүчү документтер:
Мотивациялык кат;
Кыргыз, орус жана англис тилдериндеги резюме;
Эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
2ден кем эмес сунуш каттары.
Резюме берүү мөөнөтү — 2023-жылдын 15-октябрына чейин.Документтерди жөнөтүү үчүн почта: hr@iuca.kgСуроолор боюнча телефон: 0 (556) 971254
Бардык талаптарга жооп берген жана документтерди толук тапшыруучу талапкерлер гана интервьюга чакырылат.
