
КИТЕПКАНА
КОМАНДА
СИПАТТОО
КИТЕПКАНА
МУЦАнын негизги түзүмдүк бөлүмү болуп саналат, университеттин окуу процессин ар түрдүү тилде ги библиографиялык жана маалыматтык окуу-усулдук материалдар менен камсыз кылат.
Бул — идеялар ачык столу, окуу үчүн же интеллекти байытуу максатында китептерге кирүүгө кызыккан ар бир адам чакырылат. Биздин фонддо ар кандай жанрдагы китептер бар: илимий изилдөөлөр, публицистикалык материалдар жана окуу куралдары, басмада чыккан, электрондук окуу китептери жана таратуу материалдары түрүндө.
Биздин китепкана JSTOR платформасына жазылган жана Кыргыз Республикасынын электрондук китепканалар ассоциациясы «Кирлибнет» мүчөсү болуп саналат. catalog.iuca.kg сайтынан китеп каталарын алыстан көрүп, заказ кылууга болот.
Окуу куралдары ар семестрде окутуучулардын жана студенттердин өтүнүчтөрү боюнча окуу планарына ылайык сатып алынат.
Китепканадагы эң баалуу нерсе — бул биздин кымбаттуу студ енттерибиз, бүтүрүүчүлөрүбүз, демөөрчүлөрүбүз, окутуучуларыбыз жана университеттин меймандары тарабынан белекке берилген адабияттар. Биз Джеймс Хангга, БХФ «Ырайымга», Джеральд Пристке, С. Аламановго, У. К. Сарбановго, Н. П. Задорожнага, Т. А. Колесниковага, Ж. М. Рыскуловага, МУЦАнын бүтүрүүчүлөрү Ш. Ибрагимова (LNG-116), К. Энс (IR-114) жана Кыргыз Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай Коомуна терең ыраазычылык билдиребиз.
МУЦАнын Китепканасы — студенттерге, окутуучуларга жана университеттин кызматкерлерине арналган маданий-маалымат борбору. Алардын колунда 5556 окуу куралы, 1950 таратуу материалы жана 1500 электрондук окуу китеби бар. 2020-жылы EGEA долбоорунун алкагында университет 6000 евродон ашык кызыктуу жана сапаттуу адабияттарды сатып алган.
Китепканабызга кош келиңиз!
Жумуш убактысы: дүйшөмбү — жума, саат 8:30дан 17:30га чейин.
Кандайдыр суроолоруңуз болсо, бизге library@iuca.kg дареги аркылуу кайрылыңыз.
ГАЛЕРЕЯ






