
МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР БӨЛҮМҮ
КОМАНДА
СИПАТТОО
ФУНКЦИЯЛАРЫ
Университеттин бекитилген бюджети чегинде иштөө үчүн зарыл болгон активдүү тармактык жабдууларды, серверлерди, маалыматтарды резервдик көчүрмөсүн алуу жана калыбына келтирүү каражаттарын, маалымат коопсуздугун камсыздоочу каражаттарды, тармактык инфраструктураны башкаруу жана көзөмөлдөө каражаттарын, перифериялык жабдууларды, эсептөө техникасын жана анын бөлүктөрүн, программалык камсыздоону, басып чыгаруу жана офис техникасына керектүү материалдарды жана башка техниканы жана материалдарды аныктоо жана сатып алуу;
Университеттин муктаждыктарына ылайык эсептөө техникасын, оргтехниканы жана программалык камсыздоону пландоо жана бөлүштүрүү;
Төмөнкүлөрдү орнотуу, жөнгө салуу, техникалык тейлөө жана колдоо:
— серверлер;
— активдүү тармактык жабдуулар;
— маалымат коопсуздугу үчүн аппараттык жана программалык каражаттар;
— тармактык инфраструктураны башкаруу жана көзөмөлдөө каражаттары;
— маалыматтарды резервдик көчүрмөсүн алуу жана калыбына келтирүү каражаттары;
— жумушчу станциялар;
— перифериялык жабдуулар;
— программалык камсыздоо;
— офис техникасы.
Университеттин академиялык ишмердүүлүгүнүн техникалык колдоосу;
Программалык камсыздоодо, эсептөө жана офис техникасындагы мүчүлүштүктөрдү аныктоо жана жоюу;
Тармактык ресурстарга кирүү системасын жана колдонмо программалык камсыздоонун режимдерине жана функцияларына кирүү укуктарын камсыздоо;
Локалдык эсептөө тармагынын, серверлердин жана колдонуучулардын маалыматтарынын коопсуздугун камсыздоо;
Серверлердин, маалымат базаларынын жана колдонуучу маалыматтарынын резервдик көчүрмөлөрүн алуу жана калыбына келтирүү;
Эсептөө жана офис техникасын жеткирүүчүлөр жана өндүрүүчүлөр менен кепилдик тейлөө жана ремонт боюнча иштерди координациялоо;
Техникалык жактан оңдолбой турган эсептөө техникасын, оргтехниканы жана керектүү материалдарды тизмеден чыгаруучу актыларды даярдоо.
МАКСАТТАР
Университеттин ишмердүүлүгүндө маалымат технологияларын өнүктүрүү;
Программалык-аппараттык комплекстердин жана локалдык эсептөө тармактарынын үзгү лтүксүз иштөөсүн жана өнүгүшүн камсыз кылуу;
Университеттин ишмердүүлүгүндө соода сырын түзгөн маалыматтарды коргоо.
МИНДЕТТЕР
Керектүү деңгээлде маалымат коопсуздугун камсыз кылуу;
Эсептөө техникасы жана программалык камсыздоо каражаттарына маалыматтык жана техникалык колдоо көрсөтүү;
Маалымат-техникалык ресурстарды оптималдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүү.




