top of page
Современные Workspace

БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН КАМСЫЗДОО БӨЛҮМҮ

КОМАНДА

СИПАТТОО

БӨЛҮМДҮН НЕГИЗГИ МАКСАТЫ

Университеттеги билим берүүнүн сапатын жогорулатууга көмөктөшүү. Бул максат университеттин миссиясына, баалуулуктарына жана негизги принциптерине шайкеш келет.

Сапатты камсыздоонун натыйжалуу, ачык-айкын жана андан ары өнүгүүгө багытталган системасы (СКС — QAS) адистерди даярдоонун сапатын жакшыртууга жана тышкы жана ички кызыкдар тараптардын: студенттердин, окутуучулардын, бүтүрүүчүлөрдүн, ата-энелердин (камкорчулардын), иш берүүчүлөрдүн жана БАЭАУ кызматкерлеринин канааттануусун жогорулатууга өбөлгө түзөт.

БАЭАУ Борбордук Азиядагы эң мыкты университеттердин бири, инновациялык билим берүү коомчулугу болууга умтулат. Жогорку сапаттагы окуу жайдын башкы критерийлеринин бири — окутуу жана билим берүү процессин жакшыртуу боюнча туруктуу иш алып баруу. Ошондуктан бөлүмдүн негизги милдеттери болуп университеттин миссиясына, стратегиялык көз карашына жана билим берүү максаттарына жетүү процессин туруктуу өлчөө саналат. Тигил же бул программа боюнча окутуунун көлөмү, деңгээли, сапаты жана натыйжалары университеттин миссиясына, билим берүү максаттарына жана стандарттарына канчалык деңгээлде шайкеш келерин аныктоо зарыл.

Студенттер жана окутуучулар тууралуу маалыматтарды өлчөө жана талдоо, БАЭАУда болуп жаткан процесстерге мониторинг жүргүзүү аркылуу бөлүм төмөнкү иштерге жигердүү катышат:

  • пландаштырууну жана сапатты камсыздоого тиешелүү процесстерди жакшыртуу;

  • окутуунун натыйжалуулугун жана студенттердин дүйнөнү таануу жөндөмүн жогорулатуу;

  • университеттеги билим берүүнүн сапаты боюнча документтерди башкаруу.

БӨЛҮМДҮН ИШИНИН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

Студенттердин инсандык өзгөчөлүктөрүн жана алардын өнүгүүсүн изилдөө, студенттерге психологиялык колдоо көрсөтүү, эксперттик-аналитикалык иштер, программалык аккредитацияга көмөктөшүү, илимий-изилдөө жана методикалык иштерди колдоо.

Студенттердин инсандык өзгөчөлүктөрүн жана алардын өнүгүүсүн изилдөө

Жогорку окуу жайдын ийгилигинин башкы критерийлеринин бири — анын бүтүрүүчүлөрү, алардын этикалык жана интеллектуалдык өнүгүүсүндөгү прогресси. Бул прогрессти натыйжалуу жана валиддүү аспаптарды колдонуу менен өлчөө зарыл. Бөлүм төмөнкүдөй изилдөөлөрдү жүргүзөт:

  • университеттин студенттеринин этикалык жана интеллектуалдык өнүгүүсү (Гарвард университетинин профессору Уильям Перри тарабынан иштелип чыккан, интервью, эссе жана стандартташтырылган тест форматтарында колдонулган методиканын негизинде);

  • ар бир БААУ студентинин когнитивдик стилдери, көп кырдуу акыл-эс жөндөмдүүлүктөрү жана инсандык спектри.


Натыйжаларды иштеп чыккандан жана талдагандан кийин, бөлүм студенттерди, окутуучуларды, программа башчыларын жана университеттин жетекчилигин изилдөөнүн жалпы жана жеке жыйынтыктары (купуялуулук принцибине таянуу менен), ошондой эле кийинчерээк чечүү үчүн аныкталган көйгөйлөр жөнүндө маалымдайт.


Изилдөөнүн негизинде бөлүмдүн кызматкерлери:

  • студенттердин жеке когнитивдик жөндөмдүүлүктөрүн жана ийкемдүүлүгүн эске алуу менен окутуу методдорун жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгышат;

  • студенттерге окутуу траекториясын түзүүгө жардам берип, окутуу методдору алардын жөндөмдүүлүктөрүнө жана билим берүү муктаждыктарына шайкеш келиши үчүн консультациялык колдоо көрсөтүшөт;

  • окутуучуларга окуу жайдын миссиясына жана билим берүү стандарттарына ылайык окутуунун жана баалоонун жаңы методдору, ошондой эле студенттерди, окутуучуларды жана кызматкерлерди баалоонун жаңы инструменттери боюнча кеңеш беришет.

ЭКСПЕРТТИК-АНАЛИТИКАЛЫК ИШТЕР

Бөлүмдүн кызматкерлери:

  • уюмдардын билим берүү процессинин сапатына болгон канааттануусун талдоого катышышат;

  • лицензиялык, аккредитациялык жана башка талаптардын негизинде сапаттын ички индикаторлор системасын иштеп чыгышат;

  • «Окутуучу студенттин көзү менен», «Кесиптештердин сабакка байкоо жүргүзүүсү», «Сабакты баалоо формасы» ж.б. аспаптарды колдонуу менен БАЭАУда болуп жаткан процесстердин мониторингинин жана өлчөөлөрүнүн натыйжаларына талдоо жүргүзүшөт;

  • изилдөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча корутундуларды беришет.

АККРЕДИТАЦИЯНЫ УЮШТУРУУ ЖАНА КООРДИНАЦИЯЛОО

Бөлүм программаларды жана жалпы окуу жайды тышкы баалоо, анын ичинде улуттук жана эл аралык деңгээлдеги аккредитациялоо иштерин уюштурат. Бул иштер төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • СКСны (QAS) өнүктүрүү жана жакшыртуу боюнча иштерди пландаштырууга көмөктөшүү;

  • БАЭАУ жана ГТКнын ишин жөнгө салуучу стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

  • тигил же бул программа боюнча окутуунун көлөмүнүн, деңгээлинин, сапатынын жана натыйжаларынын университеттин билим берүү максаттарына жана стандарттарына шайкештигин өлчөө;

  • сапатты башкаруу чөйрөсүндө кесиптик өнүгүүнү уюштуруу, программаларды өз алдынча баалоого, ошондой эле алардын абалы жана өнүгүү динамикасы жөнүндө отчетторду даярдоого көмөктөшүү.


ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ ЖАНА МЕТОДИКАЛЫК ИШТЕРДИ КОЛДОО

  • изилдөө комитети менен биргеликте университеттин илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн координациялоо;

  • илимий-изилдөө жана илимий-методикалык конференцияларды, семинарларды, окутуучулардын жана студенттердин форумдарын уюштурууга жана өткөрүүгө, ошондой эле изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын жарыялоого катышуу.

Выпускной 2023
Выпускной 2023

“UNIVERSITY 101” КУРСУ

Бөлүмдүн кызматкерлери жана бир катар окутуучулар тарабынан биринчи курстун студенттери үчүн «University 101» киришүү курсу иштелип чыгып, окутулат. Бул курс студенттерге мектеп форматынан жогорку билим берүү форматына оңой жана жеңил өтүүгө жардам берет жана өмүр бою билим алуунун зарылдыгына ынандырат. Бул курсту окуу- студенттин инсандык жана кесиптик өнүгүүсү үчүн пайдалуу гана эмес, кызыктуу да боло аларын көрсөтөт.

Студенттин негизги максаты – натыйжалуу окууну үйрөнүү. Ошондуктан курс БАЭАУ кандай билим берээри, ошондой эле АР БИР студенттин инсандык жана кесиптик өнүгүүсү үчүн академиялык программалардын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө түшүнүк берет.

Курстун негизги милдети — студенттердин концептуалдык ой жүгүртүүсүн же жогорку тартиптеги ой жүгүртүүсүн калыптандырууга жардам берүү. Ошондуктан ал студенттерге когнитивдик стилдер, инсандык спектр жана көп кырдуу акыл-эс жөндөмдүүлүктөрү жөнүндө түшүнүк берет, бул стилдерди кантип андан ары өнүктүрүү, ошондой эле студент тандаган адистикке жараша инсандык спектрин кантип кайра түзүү жөнүндө ойлонууга үндөйт.

Студенттер өздөрүнүн күчтүү жактарын али жетиштүү калыптандыра  элек, бирок алардын келечектеги жашоосу жана кесиби үчүн зарыл болгон сапаттарды өнүктүрүү үчүн колдонууну үйрөнүшөт.

Жалпысынан алганда, курсту изилдөө учурунда критикалык талдоо көндүмдөрүн калыптандырууга негиз салынат, бул студенттерге маанилүү чечимдерди кабыл алууга жардам берет жана алардын этикалык жана интеллектуалдык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары, курс студенттерге жашоодогу ийгиликке баруучу жолдо өздөрүн жана өз мүмкүнчүлүктөрүн түшүнүүгө жардам берет.

КҮТҮЛҮҮЧҮ НАТЫЙЖАЛАР 

Курстун жүрүшүндө студенттер төмөнкүлөр жөнүндө түшүнүк алышат:

  • өзүн жана өзүнүн таанып-билүү (когнитивдик) стилдерин, жөндөмдүүлүктөрүн түшүнүү, интеллектуалдык жана инсандык потенциалын өнүктүрүү;

  • максаттарды коюу жана аларга жекече жана командада жетүү;

  • убакытты натыйжалуу башкаруу жана өз окуусун пландаштыруу;

  • турмуштук маанилүү компетенцияларга ээ болуу;

  • маалыматтык ресурстар жана технологиялар, анын ичинде Жасалма Интеллект (AI) менен иштөө;

  • критикалык ой жүгүртүү аспаптарынын негизинде жогорку тартиптеги ой жүгүртүү, ошондой эле талдоо, аргументтөө жана баалоо көндүмдөрүнө ээ болуу;

  • лидерлик көндүмдөрүн калыптандыруу;

  • долбоор түзүү тажрыйбасына ээ болуу;

  • эл алдында чыгып сүйлөө жана жеке жана командалык иштин жыйынтыктарын презентациялоо көндүмдөрүн калыптандыруу;

  • өзүн-өзү баалоо жана башкаларды негиздүү, сылык баалоо көндүмдөрүн жакшыртуу.

Билим берүүнүн сапатын камсыздоо бөлүмүнүн расмий жоболору


Билим берүүнүн сапатын жана натыйжалуулугун башкаруу тутуму жөнүндө жобо

Борбордук Азиядагы Эл аралык университеттеги гибриддик/онлайн окутуу жөнүндө жобо

Билим берүүнүн сапатын камсыздоо бөлүмү жөнүндө жобо

БАЭАУ студенттеринин жеке билим берүү траекториясын жана өз алдынча иштерин уюштуруу жөнүндө жобо

Университеттин студенттеринин этикалык жана интеллектуалдык өнүгүүсүн изилдөөнүн жыйынтыктары (2019-2023-жж.)

Университеттин студенттеринин этикалык жана интеллектуалдык өнүгүүсүн изилдөөнүн жыйынтыктары (2020-2024-жж.)


ГАЛЕРЕЯ

Дарек:

Кыргызстан Республикасы,

Токмок, Шамшы 2

Почтабыз: info@iuca.kg

Тел.: +996 3138 60263

Тел.: +996 503 434 410

  • Whatsapp
  • Instagram
  • Facebook
  • YouTube
bottom of page