top of page
Үч эселенген сыймыктануу жана үч эсе жоопкерчилик
Заманбап коомдун чакырыктары билим берүү маданиятын аныктайт, ал жогорку окуу жайдын нормаларын, баалуулуктарын, саясатын жана кесиптик көз карашын жөнгө салууга жөндөмдүү. Ошентип, Борбордук Азия Эл аралык университетинин программалары жана мугалимдери дайыма «салтты сактап», уникалдуу жана автордук курстарды иштеп чыгып, активдүү мамиледе болуп, студенттер менен бирге окутууну жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат. Бул университетибиздин саясаты татыктуу баасын алды!

15/12/22

IUCA

«EdNet» Билим берүү тармагындагы сапатка кепилдик берүү агенттиги тарабынан Борбордук Азиядагы Эл аралык Университетке ҮЧ премия тапшырылды.

«Мыкты сапат менеджменти» номинациясынын жеңүүчүсү болуп «Педагогика» багыты аныкталды. Бул багыттын профессордук-окутуучулар жамааты дайыма өз квалификациясын жогорулатып, окутуу процессин өркүндөтүп, инновациялык ыкмаларды жана заманбап методикаларды колдонушат. Бул ар бир студентке өзүнүн потенциалын ачууга жана жашоодогу ордун табууга мыкты мүмкүнчүлүк берет!

Ал эми «Мыкты студентке багытталган программа» премиясына «Лингвистика» багыты ээ болду. «Студент — билим берүү кызматынын негизги пайдалануучусу, анын кызыкчылыктары жана муктаждыктары билим берүү программаларын ишке ашырууда башкы багыт болушу керек. Студентке болгон мамиле — бул программанын жана жогорку окуу жайдын заманбаптыгынан кабар берген критерий» — деп белгиледи EdNet агенттиги.Бул багытта ыңгайлуу жана колдоочу окуу чөйрөсүн түзүү, ар бир студенттин потенциалын ачууга, кесиптик жана жеке өнүгүүсүнө шарт түзүү жана индивидуалдуу окуу траекторияларын ишке ашыруу — студентке багытталган мыкты программалардын негизги шарттары.

Ошондой эле профессор Ирина Анатольевна Низовская «EdNet» агенттигинин «Мыкты эксперт» наамына ээ болду. Ал бир нече уникалдуу окуу куралдарынын жана курстардын автору болуп, билим берүү системасында 20 жылдан ашуун убакыттан бери улуттук жана эл аралык билим берүү долбоорлорунун алкагында эксперт болуп иштеп келет.

Бул тышкы баа университеттин жетекчилигинин жана жамаатынын сыймыгын жаратып, университеттин академиялык ак ниеттик жана академиялык эркиндикти башкы принцип катары кармаган саясаты ар дайым заманбап билим берүү мейкиндигиндеги талаптарга жооп берүүгө умтуларын дагы бир ирет далилдеди. Бул сыйлыктар университеттин профессордук-окутуучулар жамаатын өзүнүн кесиптик жана жеке өнүгүүсүнө шыктандырып гана тим болбостон, «мыкты» деген наамды татыктуу сактоого да милдеттендирет!

Дарек:

Кыргызстан Республикасы,

Токмок, Шамшы 2

Почтабыз: info@iuca.kg

Тел.: +996 3138 60263

Тел.: +996 503 434 410

  • Whatsapp
  • Instagram
  • Facebook
  • YouTube
bottom of page