
Борбордук Азиянын Эл аралык университетинде жыл сайын өткөрүлүүчү Студенттикке кабыл алуу салтанаты болуп өттү
Студенттик сенаттын ишмердүүлүгү иш-чаранын өзгөчө бөлүгүн түздү
Иш-чаранын алкагында Студенттик сенаттын ыйгарым укуктарын учурдагы курамдан жаңы курамга символикалык түрдө өткөрүп берүү аземи болуп өттү. Жаңы Сенат студенттердин кызыкчылыктарын коргоону, университеттин коомдук жашоосуна активдүү катышууну жана студенттик коомчулукту өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашырууну улантат.
2/10/26
IUCA
Борбордук Азиянын Эл аралык университетинде биринчи курстун студенттерин студенттикке кабыл алууга арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага университеттин жетекчилиги, профессордук-окутуучулар курамы, Студенттик сенаттын өкүлдөрү жана МУЦАнын студенттери катышты.
Студенттикке кабыл алуу — биринчи курстун студенттери үчүн маанилүү жана символикалуу окуя болуп, алардын билим алуу жана кесиптик өнүгүү жолундагы жаңы этаптын башталышын билдирет. Иш-чаранын алкагында жаңы студенттерди расмий тосуп алуу аземи өтүп, алар университеттин салт-санаасы, баалуулуктары жана студенттик жашоонун негизги багыттары менен тааныштырылды.
Иш-чарада Студенттик сенаттын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду. Салтанаттуу түрдө Сенаттын учурдагы курамынан жаңы курамга ыйгарым укуктарды символикалык өткөрүп берүү аземи болуп өттү. Жаңы Студенттик сенат студенттердин кызыкчылыктарын коргоону, университеттин коомдук жашоосуна активдүү катышууну жана студенттик коомчулукту өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашырууга көмөктөшүүнү улантат.
Иш-чара биринчи курстун студенттеринин университеттик чөйрөгө ыңгайлашуусунда маанилүү этап болуп, аларга өздөрүн чоң академиялык үй-бүлөнүн бир бөлүгү катары сезүүгө жана МУБАдагы активдүү студенттик жашоо менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк берди.
Жаңы студенттерибизге окуусунда ийгиликтерди, кесиптик өсүүнү, жаркын студенттик жашоону, университеттин коомдук жашоосуна активдүү катышууну жана алдыга койгон максаттарынын баарына жетишүүнү каалайбыз!




