top of page

БАЭУнун «Эл аралык мамилелер» студенттеринин БУУнун УВКПЧ жана ПРООН кеңселерине окуу сапары
1/10/25
1-октябрда БАЭУнун «Эл аралык мамилелер» багытынын студенттери БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Регионалдык бөлүмүнө жана ПРООН кеңсесине барышты.
Сапардын алкагында студенттер Борбор Азия боюнча УВКПЧнын Регионалдык бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Фабио Пиана мырза менен жолугушту. Алар эл аралык уюмдардын ишмердүүлүгү, адам укуктарын коргоонун аймактык механизмдери менен таанышып, тематикалык квизге катышып, практикалык билим алышты.
Мындай окуу визиттери студенттердин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө, аналитикалык ой жүгүртүүсүн күчөтүүгө жана теория менен практиканын байланышын бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

3d7465d1-6731-4701-bca8-d65164e49e0b.jpg

9d4ccc40-5ea6-4825-aa08-353855583bb0.jpg

37929646-bfac-4d4a-9a06-6583f57c2cc2.JPG

3d7465d1-6731-4701-bca8-d65164e49e0b.jpg
1/3
bottom of page
