
БАЭУ Франкофония жумаасында 2025: француз тили — дүйнөгө терезе
Казакстандан келген коноктор университет менен студенттик турмушка таанышып, академиялык алмашууга катышышты
2/4/25
Media Team
Борбордук Азиядагы Эл аралык университети (БАЭУ) Евразия Технологиялык Университетинин (ЕТУ, Казакстан) Мыйзам мектебинин студенттерин жылуу тосуп алды. Алар кийинки жылы окууга тапшыруудан мурда биздин университет менен жакындан таанышуу үчүн келишти. Делегацияны ЕТУнун Мыйзам мектебинин ассоцияланган профессору, юридика илимдеринин кандидаты коштоп келип, БАЭУнун студенттери үчүн лекция да окуп берди.
Сапардын алкагында студенттер төмөнкүлөргө мүмкүнчүлүк алышты:
✅ БАЭУдагы билим берүү системасы тууралуу кенен маалымат алуу
✅ Келечектеги тайпалаштары менен таанышуу жана баарлашуу
✅ Токмоктогу студенттик жашоонун даамын сезүү
✅ Университеттин жаңы корпусу жана заманбап аудиториялары менен таанышуу
Визиттин өзгөчө окуясы Казакстандагы талаш-тартыштарды чечүүнүн альтернативдик жолу болгон медиция боюнча чакырылган профессордун лекциясы болду. Андан тышкары, ЕТУ жана БАЭУ студенттери академиялык билим алмашууну уюштурушуп, жарандык процесс, жазык укугу, жарандык укук жана конституциялык укук темаларын оюн, презентация жана квиз форматында талкуулашты.
Сапардын соңунда коноктор маданий программага катышышты:🌍 Кыргызстандын тарыхый эстеликтеринин бири — Бурана мунарасын көрүштү🚶♂️ Токмок шаары боюнча экскурсия жасашты🏛 БАЭУнун жаңы корпусун изилдеп чыгышты
Бул визит жогорку окуу жайлар ортосундагы академиялык байланышты чыңдоодо маанилүү кадам болду. Биз конокторубузду кийинки жылы БАЭУнун студенттери катары кайра тосуп алабыз деп ишенебиз!
📢 Жаңылыктардан кабардар бол гуңуз келсе, биздин Instagram баракчабызга жазылыңыз: @iucaofficial
