
Студенттик илимий конференция: «Илимдин көйгөйлөрү: студенттин көз карашы»
2022-жылдын 15-декабрында БАЭУнун Гуманитардык илимдер институтунун «Педагогика» багытында «Илимдеги көйгөйлөр: студенттин көз карашы» аттуу студенттик илимий конференция өттү.
15/12/22
IUCA
Жогорку окуу жайлардын академиялык деңгээлинин көрсөткүчтөрүнүн бири — бул илимий адабияттар менен иштөө жөндөмү, окумуштуулардын ар кандай көз караштарын салыштырып, аларды талдоо жана жыйынтыктоо. Ушуга байланыштуу конференциянын негизги максаты — булактар менен иштөө компетенцияларын көрсөтүү болду.
Студенттер илимий изилдөөнүн темасына байланыштуу адабияттарга сереп жасап, алгачкы талаа изилдөөлөрүн жүргүзүп, алардын жыйынтыгын талдоо аракетин көргөн баяндамалар менен чыгышты. Ошондой эле бул конференция студенттердин коом алдында сөз сүйлөө, кесиптик диалог жүргүзүү жана талкуу жүргүзүү жөндөмдөрүн калыптандырууга өбөлгө түздү.
Конференцияда студенттер жана окутуучулар доклад темаларына кызыгып, активдүү угуп, көптөгөн суроолорду берип, ачык талкуу жүргүзүштү. Айта кетүүчү нерсе — конференциянын бардык уюштуруу иштерин: датасын пландоо, аталышын аныктоо, маалыматтык кат даярдоо, таратуу жана структурасын түзүүнү да студенттер өздөрү аткарышты. Бул студенттер үчүн «soft skills» — жумшак көндүмдөрүн өнүктүрүүгө мыкты мүмкүнчүлүк болду.
