top of page
БАЭАУда «Укук жана мамлекет жаңы муундагы юристтердин көз карашы менен» аттуу студенттик конференция өттү
2026-жылдын 1-апрелинде Борбор Азия эл аралык университетинде «Юриспруденция» багыты боюнча «Укук жана мамлекет жаңы муундагы юристтердин көз карашы менен» аттуу студенттик илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

2/4/26

Конференция оффлайн форматта өтүп, студенттер укуктун, мамлекеттин өнүгүүсүнө байланышкан актуалдуу маселелер боюнча баяндамаларын сунушташты.

Конференция үч секцияга бөлүнүп өткөрүлүп, анда ишкердикти укуктук жөнгө салуу, салык жана кылмыш укугу, санариптештирүү, юридикалык кесиптин келечеги жана салттуу баалуулуктардын укуктук системадагы ролу сыяктуу темалар каралды.

Катышуучулар жогорку деңгээлдеги даярдыгын жана аналитикалык жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Жыйынтыгында сертификаттар тапшырылып, конференция жыйынтыкталды.

Дарек:

Кыргызстан Республикасы,

Токмок, Шамшы 2

Почтабыз: info@iuca.kg

Тел.: +996 3138 60263

Тел.: +996 503 434 410

  • Whatsapp
  • Instagram
  • Facebook
  • YouTube
bottom of page