top of page
«Менин лингвистим. Англис тилиндеги айтылыш маселелери» студенттик илимий-практикалык конференция
2025-жылдын 10-декабрында Борбордук Азиянын Эл аралык университетинде «Менин лингвистим. Англис тилиндеги айтылыш маселелери» аттуу студенттик илимий-практикалык конференция болуп өттү. Иш-чара «Лингвистика. Англис тили» багыты тарабынан уюштурулду.

10/12/25

English Linguistics Department

2025-жылдын 10-декабрында Борбордук Азиянын Эл аралык университетинде English Phonetics курсу алкагында «Лингвистика. Англис тили» багыты тарабынан уюштурулган «Менин лингвистим. Англис тилиндеги айтылыш маселелери» аттуу студенттик илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.


Конференцияга МУЦАнын «Лингвистика. Англис тили» багыты боюнча биринчи жана үчүнчү курстун студенттери катышты.


Конференциянын максаты — студенттерди көрүнүктүү лингвист-окумуштуулардын өмүр жолу жана илимий ишмердүүлүгү менен тааныштыруу, ошондой эле лингвистиканын философия, тарых, маданият, этнография жана психология сыяктуу илим тармактары менен тыгыз байланышкан көп тармактуу илим экенин көрсөтүү болду. Ошону менен катар, англис тилиндеги айтылышты окутууда жана өздөштүрүүдө кездешкен актуалдуу практикалык маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.


Конференциянын алкагында студенттер Россияда, Европа өлкөлөрүндө, АКШда, Улуу Британияда жана Кыргызстанда жүргүзүлгөн лингвистикалык изилдөөлөрдүн өнүгүшүнө арналган баяндамаларды даярдап, сунушташты. Конференциянын иш тили англис тили болду, бул катышуучуларга илимий-изилдөө жөндөмдөрүн гана эмес, англис тилиндеги коммуникативдик компетенциясынын деңгээлин да көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берди.


Конференциянын өзгөчө коногу — Деннис Брикольт, АКШнын Чикаго шаарындагы North Park University университетинин профессору болуп, ал катышуучулардын баяндамаларынын жогорку деңгээлде даярдалганын, мазмундуулугун жана илимий мамилесин белгиледи.


Талкуулардын жыйынтыгында англис тилиндеги маданий жана психологиялык көрүнүштөрдү тереңирээк түшүнүүгө өбөлгө түзгөн лингвистикалык маселелерди мындан ары да теориялык жана практикалык жактан изилдөөнүн маанилүүлүгү, ошондой эле студенттердин англис тилин академиялык жана кесиптик чөйрөдө колдонууга болгон кызыгуусун, мотивациясын жана ишенимин жогорулатуу зарылдыгы тууралуу жыйынтык чыгарылды.


Конференция катышуучуларга сертификаттарды тапшыруу менен жыйынтыкталды.

Дарек:

Кыргызстан Республикасы,

Токмок, Шамшы 2

Почтабыз: info@iuca.kg

Тел.: +996 3138 60263

Тел.: +996 503 434 410

  • Whatsapp
  • Instagram
  • Facebook
  • YouTube
bottom of page