top of page

БАЭУда студенттик кинофестиваль болуп өттү! Чыгармачылык, эмоциялар жана жаркын премьералар
2026-жылдын 20–21-ноябрында Борбордук Азиядагы Эл аралык Университетте (БАЭУ) «Үйрөн. Жарат. Көрсөт» урааны алдында «Келечектин кадрлары» аттуу жаштардын кыска метраждуу фильмдер фестивалы болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги (ИИМ) жана Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) колдоосу менен уюштурулду.
Фестивалга Бишкек жана Токмок шаарларынын жогорку окуу жайларынан жана колледждеринен 8 студенттик команда катышты. Эки күн бою катышуучулар сценарий жазуу, актёрдук чеберчилик, видео тартуу жана монтаждоо боюнча окуудан өтүп, андан соң буллингдин, зомбулуктун жана укук бузуулардын алдын алууга багытталган социалдык роликтерди тартып, көрүүчүлөргө тартуулашты.
Фестивалдын жыйынтыгы:
• Гран-при: Бишкек финансы-экономикалык техникуму (БФЭТ).
• Эң мыкты 3 фильм: БАЭУ, И. Арабаев атындагы КМУ жана Б. Бейшеналиева атындагы КММИУнун командалары.
Фестиваль жаштардын чыгармачылыгын, командада иштөө жөндөмүн жана социалдык жоопкерчилигин өнүктүрүү үчүн эң сонун аянтча болду. Долбоорду ишке ашырууга кошкон салымы үчүн өнөктөштөргө, эксперттерге жана бардык катышуучуларга ыраазычылык билдиребиз!
21/11/26

IMG_0315.HEIC

IMG_0295.HEIC

IMG_0228.HEIC

IMG_0315.HEIC
1/8
bottom of page
