
КР ТИМинин Дипломатиялык академиясынын ректору Руслан Рахимов БАЭУга келди
Жолугушуунун борборунда — Борбор Азиядагы глобалдык трансформациялар, эл аралык мамилелер адистеринин кесиптик мүмкүнчүлүктөрү, медиация жана өнөктөштүктү өнүктүрүү
2/10/26
Борбор Азия Эл аралык университетине (БАЭУ) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын ректору Руслан Рахимов келди. Ал «Эл аралык мамилелер» билим берүү программасынын студенттери үчүн «Глобалдык трансформациялар шартындагы Борбор Азия: коом, идентификация, мобилдүүлүк жана эл аралык мамилелер» темасында конок лекциясын өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Борбор Азиядагы заманбап процесстер, идентификация, Кыргызстандын дүйнөдөгү орду жана эл аралык мамилелер багытынын бүтүрүүчүлөрүнүн кесиптик мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүгү дипломатиялык кызмат менен гана чектелбестен, мамлекеттик органдарды, эл аралык уюмдарды, аналитикалык, коомдук жана коммерциялык секторлорду да камтышы мүмкүн экендиги белгиленди.
БАЭУнун жетекчилиги менен болгон жолугушууда тараптар өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү маселелерин да талкуулашты. БАЭУ жана Дипломатиялык академия кызматташуу жөнүндө меморандумдун негизинде өнөктөш болуп саналат жана биргелешкен билим берүү жана академиялык демилгелерди улантууга кызыкдар.




