top of page

2026-жылдын 29-апрелинде БАЭАУнун «Юриспруденция» багытында «Бул Палата өлүм жазасын киргизүүнү колдойт» темасында дебаттык турнир өткөрүлдү.
Иш-чарага 10 студент катышып, алар эки командага бөлүндү: Өкмөт (өлүм жазасын колдогон) жана Оппозиция (каршы чыккан). Турнир парламенттик дебат форматы боюнча, так регламент жана ролдордун бөлүштүрүлүшү менен өткөрүлдү.
30/4/26
Өкмөт командасы өлүм жазасын киргизүү боюнча өзүнүн кейсин жана моделин сунуштап, кылмыштардын тизмесин, процесстик кепилдиктерди жана ишке ашыруу механизмин негиздеди. Оппозиция командасы бул моделди адам укуктары, соттук каталардын коркунучу жана альтернатива чаралар аркылуу сынга алды.
Катышуучулардын чыгыштары кейс жана модель, аргументация, каршы пикир айтуусу, стратегия, чечендик чеберчилик жана командалык иш боюнча бааланды. Жеңүүчү үч судьянын чечими менен аныкталды. Ошондой эле көрүүчүлөрдүн добуш берүүсү аркылуу «Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгү» сыйлыгы тапшырылды.
Бул турнир студенттердин сынчыл ой жүгүртүүсүн, коом алдында сүйлөө жөндөмүн жана юридикалык анализ жүргүзүү көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.

IMG_0588.JPG.jpeg

IMG_0571.HEIC

1.JPG.jpeg

IMG_0588.JPG.jpeg
1/10
bottom of page
