top of page
Юриспруденция багытынын студенти Конрад Аденауэр фондунун престиждүү стипендиясына ээ болду
«Юриспруденция» багытынын студенти Адэля Курманалиева Конрад Аденауэр фондунун (KAS) абройлуу Sur Place стипендиясынын ээси болду.

18/2/26

«Юриспруденция» багытынын студенти Адэля Курманалиева Конрад Аденауэр фондунун (KAS) абройлуу Sur Place стипендиясынын ээси болду.

Sur Place программасынын алкагында Фонд таланттуу жаштарды өз өлкөлөрүндө колдоп, аларга жогорку академиялык жыйынтыктарга жетишүүгө жана коомдук-саясий турмушка активдүү катышууга мүмкүнчүлүк түзөт. Программа лидерлик сапаттарды өнүктүрүүгө, жарандык жоопкерчиликти күчөтүүгө жана коомдун өнүгүүсүнө салым кошо алган жаш адистерди даярдоого багытталган.

Бул жетишкендик студенттин жогорку академиялык көрсөткүчтөрүн, активдүү жарандык позициясын жана «Юриспруденция» багытынын билим берүү сапатынын жогорку деңгээлин тастыктайт.

Адэляны бул ийгилиги менен куттуктайбыз жана мындан аркы академиялык жана кесиптик ийгиликтерди каалайбыз!

Дарек:

Кыргызстан Республикасы,

Токмок, Шамшы 2

Почтабыз: info@iuca.kg

Тел.: +996 3138 60263

Тел.: +996 503 434 410

  • Whatsapp
  • Instagram
  • Facebook
  • YouTube
bottom of page