
БАЭУда окуу үчүн гранттар!
Ырайым» фонду Борбордук Азия Эл аралык университетинин талапкерлерине каржылык колдоо программасын жарыялайт!
1/7/24
IUCA
«Ырайым» фондусу БАЭУга педагогика багыты боюнча жогорку билим алууга умтулган абитуриенттер үчүн жаңы каржылык колдоо программасын ишке киргизгенин кубаныч менен жарыялайт. Биз билимдин күчүнө ишенебиз жана таланттуу, максаттуу студенттерди колдойбуз. Биздин долбоорлордо сапаттуу билим алган мугалимдердин иштөөсүн каалайбыз.
Колдоо программасы:
Багыт: Педагогика
Окуу мөөнөтү: 4 жыл
Колдоо формасы: Каржылык жардам окуунун толук мөөнөтү боюнча келишимдин шарттарын аткарган учурда толук контракттын баасын жабат.
Колдоонун шарттары: Кирүү конкурсунда ийгиликке жетүү жана окууну аяктагандан кийин 3 жыл ичинде «Ырайым» фондунун долбоорлорунда эмгектенүү.
Биз академиялык жетишкендиктери бар, келечектеги муундарды окутууга жана өнүктүрүүгө кызыккан абитуриенттерди программага кошулууга чакырабыз.
Кандай арыз берүү керек:
Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн – ОРТдан 120дан ашык балл алуу. Чет өлкөлүк жарандар үчүн – деңгээлин интервью аркылуу баалоо.
Мотивациялык кат жазуу. Өзүңүздүн окуяңызды айтып, мугалимдик кесипке болгон кызыгууңузду жана бул тармактын келечеги боюнча көз карашыңызды баяндаңыз.
Арыз формасын толтуруңуз.
Арыздарды кабыл алуу мөөнөтү: 2024-жылдын 1-августуна чейин.
Бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз — дүйнөнү жакшырта турган жаңы мугалимдер муунуна кошулуңуз!
«Ырайым» фонду жана Борбор Азия Эл аралык Университети сиздердин арыздарыңызды күтүүдө!
Толук маалымат алуу үчүн МУЦАнын сайтына кайрылыңыз же төмөнкү дарек боюнча байланышыңыз:asekova_zh@iuca.kg
Бирге билимди ар бир адам үчүн жеткиликтүү кыла алабыз!
Байланыштар:Педагогика программасынын жетекчиси — Асекова Жылдыз ДуйшебаевнаТелефон: +996 555 87 43 06Электрондук почта: asekova_zh@iuca.kg
