
МУЦАнын студенттери куралсыздануу жана жайылтпоого байланыштуу видеороликтер сынагында жеңүүчү болушту
Борбордук Азиядагы Эл аралык университетинин «Юриспруденция», «Эл аралык мамилелер» жана "Лингвистика. Англис тили" багыттарынын студенттери «Тынчтык жана коопсуздук үчүн билим берүү» аттуу аймактык конференциянын алкагында өткөрүлгөн видеороликтер сынагында жеңүүчү болушту. Конференция куралсыздануу жана жайылтпоо маселелери боюнча агартуу күнүнө арналган.
5/3/26
Иш-чара 2026-жылдын 5-мартында Бишкек шаарында өттү. Конференция жана сынак Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан Эл аралык Кызыл Крест комитетинин Кыргызстандагы миссиясынын жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен уюштурулган.
Сынактын негизги максаты — жаштардын куралсыздануу жана жайылтпоо маселелери боюнча маалымдуулугун жогорулатуу, чыгармачыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү жана билим берүүнүн, инновациялардын жана жаштардын демилгелеринин тынчтыкты жана туруктуу өнүгүүнү бекемдөөдөгү ролун талкуулоого студенттерди тартуу болду.
Катышуучулар «Куралсыздануу жана жайылтпоо тарм агындагы жаштар жана инновациялар» темасында видеороликтерди даярдашты. Өз иштеринде студенттер жаштардын, билим берүүнүн жана жаңы технологиялардын тынчтыкты, коопсуздукту жана эл аралык кызматташууну өнүктүрүүдөгү ролу тууралуу көз караштарын көрсөтүштү.
МУЦАнын студенттеринин бул сынакта жеңишке жетиши алардын жогорку деңгээлдеги даярдыгын, активдүү жарандык позициясын жана заманбап эл аралык жана укуктук маселелерди чечүүдө билимдерин колдонуу жөндөмүн дагы бир жолу далилдеди.




