
БАЭУнун студенттери Кыргыз Республикасындагы Германиянын Элчилигине барышты
«Эл аралык мамилелер» жана «Юриспруденция» программаларынын студенттери визитти өз алдынча демилгелеп, дипломатиялык ишмердүүлүк, эл аралык программалар жана кесиптик мүмкүнчүлүктөр менен таанышышты
29/4/26
Борбор Азия Эл аралык университетинин (БАЭУ) «Эл аралык мамилелер» жана «Юриспруденция» билим берүү программаларынын студенттери Кыргыз Республикасындагы Германиянын Элчилигине барып, дипломатиялык өкүлчүлүктүн ишмердүүлүгү, эл аралык кызматташтык жана заманбап эл аралык мамилелер боюнча мазмундуу жолугушууга катышышты.
Бул визиттин өзгөчөлүгү — демилге студенттердин өздөрүнөн чыккандыгы. Алар Германиянын Элчилиги менен өз алдынча байланыш түзүп, визитти макулдашып жана жолугушууну уюштурууга катышышты. Мындай тажрыйба студенттердин кесиптик өнүгүүгө кызыгуусун гана эмес, өз алдынча кесиптик байланыштарды түзүү, демилге көтөрүү жана дипломатиялык мекемелердин өкүлдөрүнүн катышуусунда иш-чараларды уюштуруу жөндөмдөрүн да көрсөтөт.
Жолугушуунун жүрүшүндө студенттерге Элч иликтин негизги функциялары жана ишмердүүлүк багыттары, учурдагы иштери жана ишке ашырылып жаткан программалары тууралуу маалымат берилди. Долбоорлордун максаттарына, аларды каржылоо механизмдерине жана жаштар үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөргө өзгөчө көңүл бурулду.
Студенттер үчүн академиялык алмашуу жана эл аралык мобилдүүлүк программалары өзгөчө кызыгуу жаратты. Катышуучулар ар кандай долбоорлорго, анын ичинде Ferienjob программасына катышуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап, эл аралык билим берүү жана кесиптик тажрыйба алуу жолдору жөнүндө маалымат алышты.
Жолугушуунун маанилүү бөлүгү заманбап саясат жана эл аралык мамилелердин актуалдуу маселелерин талкуулоого арналды. Диалог студенттерге эл аралык күн тартибиндеги айрым маселелер боюнча Германиянын позициясын жакшыраак түшүнүүгө жана мамлекеттин тышкы саясий арт ыкчылыктары практикалык дипломатияда кандайча ишке ашырыларын көрүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Студенттер ошондой эле Элчинин кесиптик жолу менен таанышып, дипломатиялык карьераны куруу үчүн зарыл болгон тажрыйба, билим жана компетенциялар тууралуу маалымат алышты. Дипломатиялык чөйрөнүн өкүлдөрү менен түз баарлашуу эл аралык мамилелер тармагындагы кесиптик талаптар жана карьералык мүмкүнчүлүктөр жөнүндө түшүнүктөрүн кеңейтти.
Бул визит БАЭУнун студенттерин практикага багытталган окутуунун маанилүү бөлүгү болду. Ошол эле учурда жолугушууну студенттердин өз алдынча уюштуруусу аларга кесиптик коммуникация, институционалдык байланыштарды түзүү, иш-чараларды пландаштыруу жана уюштуруу боюнча кошумча практикалык тажрыйба берди. Бул компетенциялар эл аралык мамилелер жана юриспруденция тармагындагы келечектеги адистер үчүн өзгөчө мааниге ээ.


