
БАЭУнун студенттери Philip C. Jessup International Law Moot Court Competition сынагынын регионалдык раунддарына катышты
2026-жылдын 5–8-февралында Ташкент шаарында эл аралык абройлуу Philip C. Jessup International Law Moot Court Competition сынагынын регионалдык раунддары болуп өттү.
11/2/26
Филип Джессоп атындагы конкурс 1959-жылдан бери өткөрүлүп келет жана эл аралык укук боюнча дүйнөдөгү эң ири жана эң белгилүү студенттик соттук таймаш болуп саналат. Конкурс БУУнун Эл аралык сотунда ишти кароону моделдештирүү форматында өткөрүлөт.
Бүгүнкү күндө Jessup конкурсуна дүйнөнүн 90дон ашык өлкөсү жана юрисдикцияларынан 600дөн ашуун юридикалык жогорку окуу жайларынан 2000ге жакын студенттер катышат. Эң мыкты командалар март–апрель айларында АКШнын Вашингтон шаарында өтүүчү эл аралык раунддарга катышуу укугуна ээ болушат.
Борбордук Азиядагы Эл аралык Университетти (МУЦА) «Юриспруденция» багытынын төмөнкү студенттери өкүлчүлүк кылышты:
Курманалиева Адэля
Окенов Акхан
Хошанло Амина
Мындай деңгээлдеги конкурска катышуу келечектеги юристтердин кесиптик өнүгүүсүндө маанилүү этап болуп саналат жана эл аралык укук жаатында укуктук талдоо, жазуу жүзүндөгү меморандумдарды даярдоо жана оозеки талаш-тартыш жүргүзүү көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Команданы татыктуу катышуусу менен куттуктайбыз жана эл аралык укук тармагында мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз!
