
БАЭУнун студенттери ШКУ моделине катышты: Абдурахман Эсенканов мыкты позициялык доклад үчүн сыйланды
БАЭУнун студенттери Кыргызстандагы 10дон ашык ЖОЖдордун арасында жогорку деңгээлде катышты
28/3/26
IR
Борбор Азия Эл аралык университетинин «Эл аралык мамилелер» программасынын студенттери Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) моделине катышып, Кыргызстандагы 10дон ашык жогорку окуу жайлардын студенттери менен бирге иш алып барышты.
БАЭУ-нун катышкан студенттер: Эсенканов Абдурахман, Нургазиева Мээрим жана Окенов Акхан. Алар аймактык кызматташтык жана эл аралык саясат боюнча актуалдуу маселелерде өз позицияларын сунушташты.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар ШКУнун ишмердүүлүгүн моделдештирип, мүчө мамлекеттердин атынан чыгып, эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча чечимдерди иштеп чыгышты.
Жыйынтыгында 3-курс студенти Эсенканов Абдурахман жогорку аналитикалык деңгээлди жана аргументациялык жөндөмүн көрсөтүп, мыкты позициялык доклад номинациясына ээ болду.


