
БАЭУнун студенти Шафигина Амина Эл аралык жайкы университетке катышты
Билим берүү долбоору 30дан ашуун өлкөнүн жаштарын бириктирип, маданияттар аралык диалог, тажрыйба алмашуу жана эл аралык байланыштарды өнүктүрүү үчүн аянтча түздү
6/7/26
Борбор Азия Эл аралык университетинин (БАЭУ) «Эл аралык мамилелер» билим берүү программасынын студенти Шафигина Амина ушул жайда Казан федералдык университети уюштурган Эл аралык жайкы университетке катышты. Программа дүйнөнүн 30дан ашуун өлкөсүнөн келген жаштарды бириктирди.
Программанын катышуучуларынын арасында Борбор Азия, Түндүк Корея, Кытай, Вьетнам, Монголия, Азия жана Евразиянын башка өлкөлөрү, ошондой эле Латын Америкасы, Африка жана дүйнөнүн башка аймактарынын өкүлдөрү болду. Эл аралык формат жаштарга ар түрдүү өлкөлөрдүн маданияты жана салттары менен таанышууга, улуттук тамак-аш жана сувенирлер менен алмашууга, эң негизгиси — өз тажрыйбалары, көз караштары жана келечек тууралуу ойлору менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк берди.
«Эл аралык мамилелер» багытынын студенти үчүн бул долбоор э л аралык мамилелерди мамлекеттер ортосундагы расмий байланыштар катары гана эмес, адамдардын ортосундагы маданияттар аралык баарлашуудан, өз ара урматтоодон жана ишенимди калыптандыруудан башталган процесс катары көрүүгө мүмкүнчүлүк берди.
«Эл аралык мамилелер мамлекеттердин деңгээлинде түзүлөт деп көп айтылат. Бирок, менин оюмча, алар андан алда канча эрте — адамдардын жөнөкөй таанышуусунан башталат. Дал ушундай жолугушуулар жаштарга жалпы тил табууга, айырмачылыктарды урматтоого жана убакыттын өтүшү менен өлкөлөр ортосундагы бекем байланыштарга айлана турган ишенимди түзүүгө жардам берет», — деп белгилейт Амина.
Мындай эл аралык билим берүү долбоорлору келечекте дипломатия, илим, бизнес жана мамлекеттик башкаруу тармактарында иштей турган жаштар үчүн өзгөчө мааниге ээ. Алар маданияттар аралык коммуникацияны, эл аралык ой жүгүртүүнү, ар түрдүү маданияттардын өкүлдөрү менен диалог жүргүзүү жана кесиптик байланыштарды түзүү жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Амина эл аралык жаштар байланыштарынын Кыргызстан үчүн маанисин да белгиледи:
«Биз — келечекте чечим кабыл алып, илимди, дипломатияны, бизнести жана мамлекеттик башкарууну өнүктүрө турган муунбуз. Мындай долбоорлор биздин жеке өнүгүүбүзгө гана эмес, Кыргызстандын келечегине да салым кошот деп ишенем. Биздин жаштардын дүйнө жүзүндө достору жана пикирлештери канчалык көп болсо, эл аралык кызматташтык ошончолук бекем болот».
БАЭУнун студенттеринин эл аралык билим берүү программаларына катышуусу алардын кесиптик көз карашын кеңейтүүгө, маданияттар аралык компетенцияларын өнүктүрүүгө жана келечектеги эл аралык мамилелер адистери үчүн маанилүү болгон эл аралык байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.




