
МУЦАнын магистранттары Мумбайдагы эл аралык билим берүү саммитинде Кыргызстандын тажрыйбасын тааныштырды.
“Заманбап Мугалим” программасынын жаратмандары Kids Education Revolution — келечектин мектебин кайра ойлоп табуу боюнча глобалдык платформасында катышты.
18/2/26
TFK
“Заманбап Мугалим” программасынын магистранттары Индиянын Мумбай шаарында өтүүчү Kids Education Revolution эл аралык саммитине биринчи жолу катышышты. Бул саммитте ар кайсы өлкөлөрдөн келген окуучулар жана мугалимдер мектептин ролун жана окуучулук лидерликтин маанисин заманбап билим берүү шартында кайра ойлоп чыгышат. Teach for Kyrgyzstan командасын саммитте англис тили мугалимдери жана “Заманбап Мугалим” программасынын жаратмандары — Курсантова Айгерим жана Султангазы кызы Жеңишкүл Represent кылышты. Алар МУЦАнын магистратурасында “Педагогикалык ишмердүүлүк өзгөрүүлөр шартында” программасы боюнча окушууда. Алар менен бирге Кум-Арык жана Октябрьское айылдарынан келген окуучулары Медина жана Албина, ошондой эле программадан Мукамбеткалиева Малика бар болчу.
Kids Education Revolution — студенттер жана мугалимдер тарабынан жүргүзүлүүчү батыл кыймыл. Алар биргеликте балдардын үнүн угуу үчүн коопсуз чөйрөлөрдү түзүшөт, чыныгы өнөктөштүктө иштешет жана ар бир баланын потенциалын ачышат. Саммит Teach For India уюмунун демилгеси болуп саналат. Бул уюм эл аралык Teach For All тармагына кирет, ал тармакка Teach For Kyrgyzstan да таандык. Саммитке катышкан 8 өлкөнүн өкүлдөрү окуучулук лидерликтин мыкты тажрыйбалары менен бөлүшүштү, жаңы окуу форматтарын талкуулашты жана “ар бир бала үчүн мектепти мүмкүнчүлүктөрдүн чөйрөсүнө кантип айлантууга болот?” деген суроого жооп издешти.
Креативдик индустриялар паркынын колдоосу менен жаратмандар глобалдык билим берүү диалогунун бир бөлүгү болуп калды. Бул жерде мугалимдер жана окуучулар тең укуктуу форматта билим берүүнүн келечегин талкуулашат. Бул катышуу өзгөчө маанилүү болуп, МУЦА про граммасынын магистранттардын подходунун эл аралык билим берүү тенденцияларына шайкеш келерин көрсөттү. Программа ар бир баланын потенциалын ачууга жана окуучулук лидерликти өнүктүрүүгө басым жасайт.
Чүй облусунун чакан айылдарынан келген окуучулар үчүн эл аралык саммитке катышуу уникалдуу мүмкүнчүлүк болду. Алар кыргызстандык айыл мектептеринин тажрыйбасын глобалдык платформада тааныштырып, башка өлкөлөрдөн келген жаштар менен диалогго киришти. Мындан тышкары, кыздар англис тилин өздөштүрүүдө чоң ийгиликке жетишти, анткени толук англоязычтуу чөйрөгө киришти. Саммиттин тажрыйбасы окуучулардын жаңы демилгелерин жаратууга, чыгармачыл долбоорлорду ишке ашырууга жана регионалдык мектептерде жаңы окуу форматтарын колдонууга негиз болот, ал жакта жаратмандар иштейт.
Kids Education Revolution саммитине катышуу маанилүү фактты ырастайт: МУЦАнын м агистранттары университетте педагогикалык методикаларды гана үйрөнбөстөн, аларды айыл мектептеринде колдонушат. Алар глобалдык билим берүү коомчулугунун бир бөлүгү болуп, дүйнөлүк мыкты практикаларды Кыргызстандын шарттарына алып келет. Креатордук иш мектептен башталат. Ар бир жаңы мүмкүнчүлүк, мисалы ушул саммит, окуучулардын да, мугалимдердин да потенциалын ачат жана келечекти бүгүнкү күндө түзүүгө үйрөтөт.
