
Жаратман Токтобекова Айгерим получила высокую оценку международного жюри за исследование коммуникативных компетенций школьников
Жаратман Токтобекова Айгерим эл аралык калыстар тобунун жогорку баасына ээ болду.
31/3/26
TFK
2026-жылдын 26–28-март күндөрү Бишкек шаарында «Жоогазын» Улуттук жарнама жана коомчулук менен байланыш (PR) фестивалы өтүп, анын алкагында «Туруктуу өнүгүүнүн коммуникациялары: жашыл экономика жана социалдык жоопкерчилик» аттуу эл аралык илимий-практикалык студенттик конференция уюштурулду. Иш-чара өлкөнүн алдыңкы эки университетинин — Ж.Баласагын атындагы КУУ жана КТУ «Манас» базасында өтүп, Россия, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан келген 16 жогорку окуу жайдын магистранттары менен студенттеринин 70тен ашуун илимий баяндамаларын камтыды.
Борбордук Азиянын Эл аралык университетин «Педагогика» багытынын 2-курс магистранты, «Өзгөрүүлөр шартындагы педагогикалык ишмердүүлүк» профили боюнча окуган Токтобекова Айгерим өкүлчүлүк кылды. Ал «Журналистиканын ыкмаларын окуучулардын коммуникациялык көндүмдөрүн өнүктүрүүдө колдонуу: экологиялык көйгөйлөрдү жана туруктуу өнүгүүнү үйрөнүүдө» деген темада илимий макала сунуштады. Илимий жетекчиси: п.и.к., доцент Ж.Д. Асекова. Конкурстун жыйынтыгында Айгерим экинчи орунду ээлеп, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан келген эксперттерден турган эл аралык калыстар тобунун жогорку баасына ээ болду.
Токтобекова Айгерим — «Заманбап Мугалим» (Teach for Kyrgyzstan) программасынын жаратманы. Эл аралык конференцияга катышуу жана көп улуттуу калыстар тобунун жогорку баасы магистрант-жаратмандардын илимий потенциалын жана академиялык деңгээлин дагы бир жолу тастыктады. Бул программа академиялык жана практикалык багыттарды ырааттуу айкалыштырып, магистранттарга Кыргызстандын мектептик реалдуулугу менен түз байланышкан изилдөө долбоорлорун ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет.




