top of page
БАЭУ студенттери Кыргыз Республикасынын Улуттук банкын кыдырышты
Келечектеги юристтер үчүн тарых, каржы жана карьера мүмкүнчүлүктөрү

12/5/25

Media Team

2025-жылдын 12-майында Борбордук Азия Эл аралык университетинин (БАЭУ) юридикалык багытындагы студенттер Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын экскурсиясына катышышты. Бул өлкөнүн негизги каржы институтунун иши тууралуу түздөн-түз маалымат алуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк болду.

💡 Сапардын алкагында студенттер:– Улуттук банктын 30 жылдык тарыхы, милдеттери жана ыйгарым укуктары менен таанышышты;– Кыргызстандын тарыхынан бери колдонулган акча жана банкноттордун коллекциясы жайгашкан нумизматикалык музейге барышты;– Финансылык сабаттуулук тууралуу негиздерин, анын ар бир адам үчүн маанисин жана жашоо сапатына тийгизген таасирин үйрөнүштү;– finsabat.kg порталы менен таанышып, андагы окуу материалдары, тесттер, кредит калькулятору жана башка пайдалуу куралдар тууралуу маалымат алышты.

🔎 Карьера маселелерине өзгөчө көңүл бурулду: студенттер Улуттук банкте стажировка, практика жана жумуш мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматын алышты.

Мындай тажрыйба биздин студенттерге билимди тереңдетип гана тим болбостон, кесиптик келечегин көрүүгө жардам берет.

📲 Көбүрөөк билүү үчүн Instagramдагы @iucaofficial баракчабызга жазылыңыз!

Дарек:

Кыргызстан Республикасы,

Токмок, Шамшы 2

Почтабыз: info@iuca.kg

Тел.: +996 3138 60263

Тел.: +996 503 434 410

  • Whatsapp
  • Instagram
  • Facebook
  • YouTube
bottom of page