
БАЭУ эл аралык кызматташууну кеңейтүүдө: Эл аралык Кувейт университети менен меморандумга кол коюлду
Жаңы өнөктөштүк биргелешкен билим берүү демилгелерин ишке ашырууга жана «Эл аралык мамилелер» программасында араб тилин окутууну өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт
21/4/26
Борбор Азия Эл аралык университети (БАЭУ) менен Эл аралык Кувейт университети академиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана биргелешкен билим берүү демилгелерин ишке ашырууга багытталган кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Меморандумга кол коюу университеттердин ортосунда буга чейин башталган өз ара кызматташуунун логикалык уландысы болду. Бул кызматташтык БАЭУнун «Эл аралык мамилелер» билим берүү программасы үчүн өзгөчө мааниге ээ, анткени программанын студенттери араб тилин үчүнчү чет тили катары үйрөнүшөт.
Буга чейин «Эл аралык мамилелер» программасынын студенттери араб тилинин окутуучусу Матмусаева Феруза Анваровна менен бирге Эл аралык Кувейт университетине окуу визити менен барышкан. Визиттин жүрүшүндө студенттер университеттин билим берүү чөйрөсү, араб тили боюнча окуу-методикалык материалдар жана китепкананын ресурстары менен таанышышты. Бул студенттерге тил үйрөнүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана араб тилин окутуунун жана үйрөнүүнүн практикалык ыкмалары менен таанышууга шарт түздү.
Меморандум эки университеттин ортосундагы кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө, биргелешкен академиялык жана билим берүү иш-чараларын өткөрүүгө, тажрыйба алмашууга, ошондой эле студенттер жана окутуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө негиз болот.
БАЭУ үчүн бул эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүү жана студенттерге академиялык даярдыкты, тилдик компетенцияларды жана маданияттар аралык өз ара аракеттенүүнү айкалыштырган билим берүү чөйрөсүн түзүү багытындагы дагы бир маанилүү кадам болуп саналат.



