
БАЭУ бош кызмат орундарына конкурс жарыялайт
Офис-менеджер
Карьераны өнүктүрүү борборунун жетекчиси
Жеке автоунаасы бар айдоочулар
3/9/25
Media Team
Эл аралык Борбордук Азия Университети (Токмок ш.) төмөнкү кызматтарга резюмелерди кабыл алат:
Офис-менеджер Талаптар: ишкердик этиканы билүү, жыйындарды уюштуруу, документ жүгүртүү, кыргыз, орус, англис жана башка тилдерди билүү, ПК жана кеңсе техникасын колдоно билүү. Милдеттер: жыйындарды уюштуруу, корреспонденция менен иштөө, конокторду жана чалууларды кабыл алуу, кеңсе чыгымдарын көзөмөлдөө. Шарттар: иш орду – Токмок ш., көп тилдүү кесипкөйлөр жамааты, айлык маяна маектешүүдө аныкталат. Документтерди тапшыруу мөөнөтү: 2025-ж. 20-сентябрга чейин. Байланыш: HR кеңсеси, 308-каб., тел. 0556 971254, email: hr@iuca.kg
Карьераны өнүктүрүү борборунун жетекчиси (КӨБ) Талаптар: жогорку билим, кыргыз, орус жана англис тилдерин билүү, ЖОЖдордо же эл аралык уюмдарда иш тажрыйбасы, жогорку коммуникациялык жөндөм, иш-чараларды уюштуруу тажрыйбасы. Милдеттер: студенттер үчүн практика уюштуруу, бүтүрүүчүлөрдү жумушка жайгаштыруу боюнча маалымат базасын жүргүзүү, карьералык иш-чараларды уюштуруу, консультация берүү. Шарттар: иш орду – Токмок ш., айлык маектешүүдө аныкталат. Керектүү документтер: мотивациялык кат, CV (кыргыз, орус, англ.), эмгек китепчесинин көчүрмөсү, жок дегенде 2 сунуш кат. Документтерди тапшыруу мөөнөтү: 2025-ж. 1-октябрына чейин. Байланыш: hr@iuca.kg, тел. 0556 971254
Жеке автоунаасы бар айдоочулар (минивен 6–7 орундуу, 4 авто) Талаптар: кесиптик билим, 5 жылдан кем эмес тажрыйба, кыргыз жана орус тилдерин билүү, жоопкерчилик, тартиптүүлүк, ПДД билүү, авто тейлөө жана оңдоо боюнча билим. Милдеттер: жетекчилик жана окутуучуларды ташуу, автоунааны жакшы абалда кармоо, маршруттук барактарды жүргүзүү. Шарттар: толук жумуш убактысы, график 5/2, маршрут Бишкек–Токмок–Бишкек. Документтерди тапшыруу мөөнөтү: 2025-ж. 30-сентябрга чейин (17:00).
