
БАЭУ жана Сент-Луис Колледжи (АКШ) мамлекеттик башкаруу боюнча биргелешкен курсту баштады
Кыргызстан менен АКШдан келген студенттер маданияттын жана тарыхтын саясий системаларга тийгизген таасирин изилдеп жатышат.
4/3/25
Media Team
2025-жылдын 4-мартында Борбордук Азиянын Эл аралык Университети (БАЭУ) менен АКШнын Сент-Луис колледжи биргелешип уюштурган "Cultural and Historical Influences on the Structure of Government" аттуу окутуу курсу алкагындагы алгачкы онлайн-сессия болуп өттү. Бул курс — эки тараптуу академиялык кызматташууну чыңдап, студенттер үчүн жаңы билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн ачкан маанилүү кадам болду.
Биринчи синхрондуу онлайн жолугушуу жандуу талкуу жана суроо-жооп форматында өтүп, катышуучулар Кыргызстан менен АКШдагы мамлекеттик башкаруу системаларынын өзгөчөлүктөрү боюнча ой бөлүшүштү. Студенттер тарыхый жана маданий факторлордун мамлекеттик түзүлүшкө тийгизген таасирин талдап, аналитикалык жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Ошондой эле мындан аркы кызматташуунун багыттарын да белгилешти.
Бул баалуу тажрыйба студенттердин дүйнө таанымын кеңейтип, кесиптик өсүшүнө салым кош о турган эл аралык билим берүү кызматташтыгынын маанилүү этабы болду. Алдыда курстун алкагында жаңы онлайн-дискуссиялар, топтук долбоорлор жана илимий материалдар менен алмашуу иштери уланмакчы.
✨ Кошумча маалыматтар жана окуялар үчүн бизди Instagram'дан байкап туруңуз: @iucaofficial 📲
