
Англис тилин окутуунун инновациялык ыкмалары: «Лингвистика. Англис тили» багытынын университеттер аралык студенттик конференциясы
МУЦАнын «Лингвистика. Англис тили» багыты Кыргызстандагы алдыңкы ЖОЖдордун студенттерин бириктирген университеттер аралык конференция өткөрдү. Иш-чаранын алкагында англис тилин окутуунун заманбап ыкмалары боюнча 21 баяндама сунушталды.
17/4/26
English Linguistics Program
Жогорку билим берүүнүн маанилүү бөлүгү болуп илимий-изилдөө ишмердүүлүгү эсептелет, ага окутуучулар менен бирге студенттер да активдүү катышат. Борбордук Азиядагы Эл аралык университетте студенттик илимди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
2026-жылдын 13-апрелинде «Лингвистика. Англис тили» багытынын окутуучулары “Innovative Methods of Teaching English in Educational Institutions” аттуу университеттер аралык студенттик конференция өткөрүштү. Конференцияга Борбордук Азиядагы Эл аралык университеттин, Бишкек мамлекеттик университетинин, Кыргыз мамлекеттик университетинин, Ала-Тоо Эл аралык университетинин жана Кыргыз улуттук университетинин студенттери катышып, идея алмашуу үчүн күчтүү академиялык аянтча түзүлдү.
Конферен цияны МУЦАнын президенти Джон Р. Кларк жана «Лингвистика. Англис тили» багытынын жетекчиси А.Е. Максакова ачышты. Программанын алкагында англис тилин окутуунун актуалдуу маселелерине арналган 21 баяндама сунушталды.
Катышуучулар санарип технологиялар жана жасалма интеллект, оюн жана долбоордук окутуу ыкмалары, сүйлөө көндүмдөрүн өнүктүрүү, дифференцияланган окутуу, ошондой эле онлайн-коммуникация, маданият аралык компетенция жана критикалык ой жүгүртүү маселелерин талкуулашты.
Конференция студенттерге өз изилдөөлөрүн сунуштоого, башка университеттердин студенттери менен таанышууга, академиялык дүйнө таанымын кеңейтүүгө жана англис тилинде коом алдында сүйлөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берди.
МУЦА жана «Лингвистика. Англис тили» багыты мындан ары да студенттик илимди өнүктүрүүнү, анын ичинде университеттер аралык жана эл аралык илимий иш-чараларды уюштуруу аркылуу колдоону улантат.




