top of page
Келечектеги юристтер — коомдун кызматында
2026-жылдын 24-апрелинде Борбордук Азиянын Эл аралык университетинин «Юриспруденция» багытынын студенттери Булак базары аймагында калк үчүн акысыз көчмө юридикалык кеңештерди өткөрүштү.

28/4/26

Иш-чара «Юридикалык практикум» сабагынын алкагында уюштурулуп, студенттердин практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана жарандарга укуктук жардам көрсөтүүгө багытталды.

Консультациялардын жүрүшүндө жарандар жарандык, үй-бүлөлүк, эмгек жана административдик укук боюнча түшүндүрмөлөрдү алышты. Студенттер окутуучулардын көзөмөлүндө иш алып барышты.

Мындай иш-чаралар студенттердин кесиптик көндүмдөрүн калыптандырууга жана калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Дарек:

Кыргызстан Республикасы,

Токмок, Шамшы 2

Почтабыз: info@iuca.kg

Тел.: +996 3138 60263

Тел.: +996 503 434 410

  • Whatsapp
  • Instagram
  • Facebook
  • YouTube
bottom of page