
Педагогика багытынын студенттеринин көркөм музейдеги көчмө сабагы
2026-жылдын 24-октябрында «Педагогика» багытынын студенттери үчүн «Эстетикалык тарбия берүүнүн технологиялары жана дүйнөлүк көркөм маданият» курсу боюнча көчмө сабак уюштурулду.
24/10/26
Мындай сабактар жыл сайын кызыктуу көргөзмөлөр өтүп жаткан мезгилде өткөрүлүп, студенттердин көркөм маданиятка болгон кызыгуусун арттырууга, эстетикалык табитин өнүктүрүүгө жана искусство чыгармаларын тереңирээк түшүнүүсүнө багытталат.
Бул жолку сабак эл сүрөтчүсү жана скульптор В. А. Шестопалдын Шыктануу жана искусствого берилгендик кылымы аттуу юбилейлик көргөзмөсүнө арналды.
Сабак интерактивдүү форматта өттү. Студенттер сүрөтчүлөрдүн өмүр баяны жана чыгармачылыгы тууралуу маалымат беришип, музей экспонаттарынын негизинде чакан изилдөө иштерин жүргүзүштү.
Мындай практикалык сабактар болочок педагогдордун эстетикалык тарбия б ерүү боюнча билимдерин тереңдетүүгө, көркөм чыгармаларды талдоо көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана искусствону билим берүү процессинде натыйжалуу колдонууга өбөлгө түзөт.
Сабакты Кыргызстан Сүрөтчүлөр союзунун жана Кыргызстан Дизайнерлер союзунун мүчөсү Н. А. Андрианова өткөрдү.




