
Тил илиминин студенттери. БАЭУнун англис тили программасы эмгек чөйрөсүндөгү интеллекттин ролу боюнча дебат өткөрдү
Борбордук Азиядагы Эл аралык университеттин «Лингвистика. Англис тили» багытындагы студенттери «Жасалма интеллект адам эмгегинин ордуна алышы керекпи?» деген темада дебатка катышышты.
3/3/25
English Linguistics Department
Дискуссия студенттерди эки командага бөлдү: технологиялык прогрессти жактагандар — жасалма интеллект (ЖИ) иш процессин натыйжалуураак кылып, адамдарды күнүмдүк, чарчатуучу жумуштардан бошотот дешсе, каршылаш тарап адам факторунун, сынчыл ой жүгүртүүнүн жана жаңы технологияларды этикалык жактан колдонуу маселелеринин маанилүүлүгүн белгилешти.
Дебаттар активдүү жана интеллектуалдык жогорку деңгээлде өттү. Студенттер конкреттүү мисалдарга, изилдөөлөргө таянып, жүйөлүү аргументтерин келтиришти. Университеттин окутуучуларынан турган калыстар тобу катышуучулардын далилдеринин ишенимдүүлүгүн, ой жүгүртүүнүн ырааттуулугун жана англис тилинде өз оюн так жеткирүү жөндөмүн баалашты.
Иш-чаранын соңунда калыстар студенттердин кыска убакыт ичинде жогорку деңгээлде даярдангандыгын баса белгилешип, мындай дискуссиялар критикалык ой жүгүртүү, аргументация, коом алдында сүйлөө көндүмдөрүн өнүктүрүүдө абдан маанилүү экенин айтышты. Бул — келечектеги тилчилер жана мугалимдер үчүн негизги компетенциялар экени да өзгөчө белгиленди.
