top of page

БАЭУкомандасын университеттер аралык жазгы хакатондо жеңип чыгышы менен куттуктайбыз
2024-жылдын 26-27-апрелинде Кыргыз-Германия Колледжи жана Жогорку технологиялар паркы, “FINBOOK” компаниясы менен башка өнөктөштөрдүн колдоосу менен уюштурулган “Социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө Жасалма Интеллектти колдонуу” темасындагы межуниверситеттик жазгы хакатондо Борбордук Азия Эл аралык университетинин Информатика багытындагы биринчи курсунун студенттери 15 команда ичинен 3-орунду ээледи. Алар абдан таасирдүү жыйынтык көрсөтүштү.
29/4/24
IUCA
Арстанбекова Луиза, Кучеренко Арина жана Губская Дарья “Hand in Hand” аттуу долбоорду тааныштырды. Бул долбоордун максаты – мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга коомдон жана алардын окшош турмуштук кыйынчылыктары бар адамдардан жардам жана колдоо табууга көмөктөшүүчү волонтерлордун коммуникациясына багытталган веб-платформаны түзүү болду. Долбоордо колдонулган окутулган жасалма интеллект модели колдонуучулардын окшош көйгөйлөрү жана кызыкчылыктары боюнча тиешелүү коомчулуктарга бөлүштүрүлүшүн камсыз кылып, аларга коомго кошулуп, колдоого алынган сезимин берет.
1/0
bottom of page
