top of page

Борбордук Азиянын Эл аралык университетинин командасын AI Hackathonдо татыктуу 2-орунга ээ болушу менен куттуктайбыз!
Accelerate Prosperity инкубациялык программасынын алкагында үчүнчү AI Hackathon — AI ART Hackathon ийгиликтүү аяктады! Иш-чара 29-марттан 5-апрелге чейин Жогорку Технологиялар Паркында өтүп, таланттуу командалар жасалма интеллект жаатындагы идеяларын ишке ашырууга чогулушту.
5/4/24
IUCA
Командабыздын курамында академиялык иштер боюнча Вице-президентибиз Иван Сергеевич Ниненко, чакырылган эксперт Григорий Дьячков, мугалимибиз Нурсултан Болотбек уулу жана БАЭУнун программисти Елена Сергеевна Рябова бар эле. Алардын биргелешкен күч-аракети жана чыгармачыл мамилеси командага татыктуу жеңишти алып келди!
1/0
bottom of page
