top of page
Масленица майрамы!
24-февралда биздин университеттин имаратында Масленица майрамы белгиленди.

24/2/23

Career Development Centre

Салт боюнча Масленица жумалыгы дүйшөмбү күнү башталып, жекшемби күнү аяктайт.

Бизде бул майрамдын негизги бөлүгү жана кульминациясы жума күнү болду. Студенттер кыш менен кош айтышып, жазды салттуу каада-салттар менен тосуп алышты. Университеттин администрациясы, вокалдык-театр студиясы жана Студенттик Сенат биргелешип, бизди жаздын жаркын жана шайыр майрамдык атмосферасына бөлөп турушту. Ар кандай кызыктуу сынактар өткөрүлүп, студенттер ырдап, чакан сахналык көрүнүштөрдү коюшту. Негизги майрамдык бөлүк аяктагандан кийин, баарыбыз салттуу даам — блиндерден ооз тийдик.

Дарек:

Кыргызстан Республикасы,

Токмок, Шамшы 2

Почтабыз: info@iuca.kg

Тел.: +996 3138 60263

Тел.: +996 503 434 410

  • Whatsapp
  • Instagram
  • Facebook
  • YouTube
bottom of page