top of page
БАЭУда Teach for Kyrgyzstan катышуучулары менен шыктандыруучу жолугушуу
Камила Дуйшебаевна кесиптик тажрыйбасын бөлүшүп, жаш мугалимдерге дем-күч берди.

20/3/25

Media Team

Борбордук Азиянын Эл аралык Университетинде (БАЭУ) өзгөчө жолугушуу болуп өттү: БАЭУнун провосту Камила Дүйшөбаевна «Заманбап Мугалим» (Teach for Kyrgyzstan) программасынын магистрант студенттери менен баарлашты.

Жолугушуу учурунда ал мугалимдин ар бир адамдын жашоосундагы орду канчалык маанилүү экенин баса белгилеп, педагогдор тагдырды өзгөртүп, бүтүндөй муундарды шыктандыра ала турган күчкө ээ экенин айтты. Ошондой эле Камила Дүйшөбаевна катышуучуларга билим берүүнүн өнүгүшүнө кошуп жаткан эмгеги, кайратмандыгы жана мекен үчүн жасаган демилгелери үчүн ыраазычылык билдирди.

Бул жолугушуунун БАЭУ үчүн өзгөчө мааниси бар. Teach for Kyrgyzstan демилгеси жаңы башталган учурда көпчүлүк ишенбей турганда, дал Камила Дүйшөбаевна бул долбоорду колдоп, бүгүн анын ийгиликтүү ишке ашуусуна шарт түзгөн.

Teach for Kyrgyzstan деген эмне?

«Заманбап Мугалим» — бул өлкөнүн аймактарындагы жана айылдарындагы мектептерде сабак берип, коомго чыныгы пайда алып келүүнү каалаган жаш педагогдор үчүн уникалдуу эки жылдык программа.

Катышуучулар төмөнкүлөргө ээ болушат:

  • 📌 Программа тарабынан берилүүчү стипендия

  • 📌 Замандын талабына ылайык окутуу ыкмалары

  • 📌 Менторлордун колдоосу

  • 📌 Айлык акысы бар жумуш орду

  • 📌 Өз билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү

  • 📌 Программанын аягында магистр дипломун алуу

БАЭУ Teach for Kyrgyzstan демилгесин колдогонуна сыймыктанат. Анткени билим берүү — келечекке ачылган эшик. Дал ушундай программалар дүйнөнү өзгөртө алат деп ишенебиз!

Дарек:

Кыргызстан Республикасы,

Токмок, Шамшы 2

Почтабыз: info@iuca.kg

Тел.: +996 3138 60263

Тел.: +996 503 434 410

  • Whatsapp
  • Instagram
  • Facebook
  • YouTube
bottom of page