top of page

🌿 Лингвистика: Англис тили — адамдарды бириктирген тил 🌿
11-октябрда «Лингвистика: англис тили» багытынын студенттери жана окутуучулары Экопаркта, жаратылышта күн өткөрүп, жандуу баарлашуудан, оюндардан жана аудиториядан тышкары англис тилинде сүйлөө практикасынан ырахат алышты.
11/10/25
English Linguistics Department
11-октябрда «Лингвистика: англис тили» багытынын студенттери жана окутуучулары Экопаркка барып,таза абада эс алып,бири-бири менен көңүлдүү убакыт өткөрүштү.
Күн жылуу жана жагымдуу маанайда өттү: студенттер үстөл оюндарын ойноп, караоке ырдап, бийлешти жана парктын жолдорунда сейилдешти. Оюндардын ортосунда закуска жасап,ар кандай темаларды талкуулашты.
Мындай жолугушуулар жөн гана эс алуу эмес. Алар багыттын өзгөчө атмосферасын түзөт — студенттер бул жерде өз ара аракеттенүүнү, команда болуп иштөөнү жана англис тилин күнүмдүк жашоосунун бөлүгү катары колдонууну үйрөнүшөт.
Бардык катышуучулар шыктануу жана жаңы окуу долбоорлоруна энергия менен кайтышты. 🌿
1/0
bottom of page
