top of page

Леджер Чонте

ЛИНГВИСТИКА. АНГЛИС ТИЛИ

2012

2012

Кантип жакыр айылдык өспүрүм чоң соода компаниясынын коммерциялык директоруна айлана алат? Бул мүмкүн, эгер сен БАЭУнун бүтүрүүчүсү болсоң.


17 жашымда мен БАЭУга тапшыруу мага дүйнөнүн жарымын көрүүгө, ар кайсы өлкөлөрдүн мыкты компанияларында иштөөгө, ар түрдүү адамдар менен таанышууга, алардын маданиятын жана жашоо-тиричилигин үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет деп ойлогон да эмесмин.


БАЭУну аяктагандан кийин менде чоң билим багажы бар эле, ал жөн гана башымдагы маалымат эмес болчу, булар чынында заманбап дүйнөдө жашап кетүү, атаандаштыкка жөндөмдүү болуу, өсүү жана коюлган бардык максаттарга жетүү үчүн зарыл болгон көндүмдөр эле. Критикалык ой жүгүртүү, коммуникабелдүүлүк, чынчылдык, урмат-сый, тилдерди үйрөнүүнүн ар кандай методикалары, психология, бизнес, каржыны башкаруу, IT-технологиялар боюнча билим – дал ушул көндүмдөр мага мүмкүнчүлүктөрүмдүн жана көз караштарымдын чегин кеңейтүүгө жардам берди.


БАЭУнун аркасында мен 14 өлкөгө барууга жетиштим, 10 жыл Тайванда (технологиялык жактан эң өнүккөн өлкөлөрдүн бири) жашадым, жана бул өлкөдөгү алдыңкы өнөр жай компанияларынын биринде бүтүндөй бөлүмдүн жетекчисине чейин өстүм.


Азыр мен БАЭде жашайм, оор өнөр жай тармагындагы ири соода компаниясында коммерциялык директор болуп иштейм жана БАЭУда алган бардык билимдерим бүгүнкү күнгө чейин өсүүгө жана максаттарыма жетүүгө жардам берип келет.

Дарек:

Кыргызстан Республикасы,

Токмок, Шамшы 2

Почтабыз: info@iuca.kg

Тел.: +996 3138 60263

Тел.: +996 503 434 410

  • Whatsapp
  • Instagram
  • Facebook
  • YouTube
bottom of page