Аныварова Ализа
ЛИНГВИСТИКА. КЫТАЙ ТИЛИ
2022

Менин атым Ализа. Мен МУЦАнын CHN-118 тобунун бүтүрүүчүсүмүн. Мен жашоомду чындыгында өзгөрткөн тандоону сиздер менен бөлүшкүм келет.
«Лингвистика (кытай тили)» багытында окуу мага тилдин бекем негизин гана берген жок, ошондой эле Кытай маданиятына чындап сүйүү тартуулады. Университеттен алган билимимдин аркасында мен Орусиядагы Томск шаарында магистратурага кабыл алындым, Тайвань фондуна иштеп келдим, ал эми азыр Кытайда тил курстарында окуумду улантуудамын.
Окуу учурунда мен тилди үйрөнгөндөй эле, котормо жасоону, ой-жүгүртүүлөрдү так билдирүүнү, тексттер менен иштөөнү, аудитория алдында чыгыш жасоону жана башка маданияттагы адамдарды түшүнүүнү да үйрөндүм. Бизде күчтүү мугалимдер болду, алардын ичинде жергиликтүү тилдин ээлери да бар эле, бул бизге тил чөйрөсүнө терең кирүүгө жардам берди. Андан тышкары, тил практикасы жана алмашуу программалары мага жеринде жергиликтүүлер менен баарлашуу боюнча баалуу тажрыйба тартуулады.
P.S. Кытай тили менен катар англис тилин да окуганбыз — бул чоң артыкчылык болду! Эгер сиз кытай тилин үйрөнгүңүз келсе, маданиятты ичкисинен түшүнгүңүз келсе жана жеке өзүнүздү өнүктүргүңүз келсе — бул багытты абдан сунуштайм.
