БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮН ТАРЫХТАРЫ
ЮРИСПРУДЕНЦИЯ

ЮРИСПРУДЕНЦИЯ
2023
Лянахунов Абу-Бакр
Менин атым Абу-Бакр, мага 23 жаш, жана азыркы учурда мен курулуш компаниясында «Elite House» юристи болуп эмгектенем. Ошол эле учурда мен өз юридикалык фирмамды да жетектейм, башка компанияларга кызмат көрсөтөм. Юридикалык колдоо чегинде мен маркетингге байланыштуу иштерди, келишимдерди даярдоону, корпоративдик маселелерди — компанияларды каттоо, юридикалык жактарды жок кылуу, ошондой эле курулуш компанияларын «ключ менен» ачуу менен алектенем.
Менин билимим колледжден башталган, андан кийин мен БАЭУда окууну уланттым, ал жакта юриспруденцияны изилдедим. Колледжде үч жыл, андан кийин университетте дагы үч жыл — жана так ушул БАЭУ мен үчүн фундамент болду. Мугалимдер ар дайым колдоо көрсөтүп, материалды так түшүндүрүп, критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө жардам беришкен.
Төртүнчү курсумда мен коммерциялык эмес уюмда стажировкадан өттүм, ал жакта мен биринчи жолу сотто кызыкчылыктарды коргоо тажрыйбасын алдым. Мен алимент өндүрүү жана баланын жашоо жерин аныктоо боюнча иштерге катыштым, ошондой эле коомдук фонддорду каттоо жана мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн талдоо менен алектендим.
Университетти бүткөндөн кийин мен «Confidence» юридикалык компаниясында иштедим, ал жакта бизнеске юридикалык колдоо көрсөтүү боюнча тажрыйба топтодум — каттоодон тартып ликвидацияга чейин. Бир аз убакыт өткөндөн кийин мени кайра «Прецедент» компаниясына чакырды, бирок бул жолу корпоративдик юрист катары. Бирок кийин мен кыймылсыз мүлк тармагына өттүм жана «Elite House» компаниясына жумушка орнодум. Ошол эле учурда мен Instagramда юрист катары блог жүргүзөм жана жеке практикамды өнүктүрүүнү улантуудамын.
Мен БАЭУга алган билимим жана колдоосу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Келерки студенттерге кеңешим жөнөкөй: университеттин жашоосуна активдүү катышкыла, теориялык жана практикалык көндүмдөрдү топтогун. Анткени ушул аркылуу магистратурага тапшырып, жаңы горизонтторду ачууга мүмкүнчүлүк аласыздар. Университетти бүткөндөн кийин мен англис тилин да өркүндөттүм жана Вирджиния жана Сан-Францискодогу университеттерден чакыруулар алдым, бирок, түштүгүмдөн улам, үй-бүлөлүк жагдайлардан улам Кыргызстанда калдым.
Мен азыркы студенттерге теория менен практиканын ортосунда тең салмактуулукту сактоого, жана жаңы чакырыктарды кабыл алуудан коркпоого каалайм.

ЮРИСПРУДЕНЦИЯ
2018
Иззатило Олимжонов
«ЦУМ Айчүрөк» ААКтын юристи, кошумча кызмат катары: «Сити Центр» ЖЧКсынын, «Сажда Групп» ЖЧКсынын, «CIM KG Investments» ЖЧКсынын юристи.
Юриспруденция мен үчүн — бул түзүлүштү көзөмөлдөө, алсыз жерлерди көйгөйгө айлана электе көрө билүү жөндөмү. Мүнөзүм боюнча мен токтоо адаммын, ошондуктан мен үчүн сөздү так, өз убагында айтуү маанилүү, айрым юристтердей ашыкча сүйлөп кетпей. Мындай ыкма маселени дароо өзөгүнө чейин түшүнүп, так чечим кабыл алууга жардам берет.
Укук ой жүгүртүүнү тартипке салат. Ал ар бир сөз үчүн жооп берүүгө, кесепеттерин алдын ала эсептөөгө жана башкалар эмоцияга алдырган учурда салкын кандуулук менен аракет кылууга үйрөтөт. Мен үчүн бул «кагаз иши» эмес, бул — тобокелдиктерди башкаруу жана кызыкчылыктарды реалдуу убакытта коргоо.
Борбордук Азиядагы Эл аралык университетте окуу мага жөн гана диплом эмес, ой жүгүртүүнүн бекем негизин берди. Эң баалуу нерсе — талдоо жүргүзүү жана укуктук позицияны так калыптандыруу жөндөмү болду. Норманы жөн гана кайталап берүү эмес, анын логикасын түшүнүп, аны реалдуу кырдаалга колдонуу маанилүү. Бүгүнкү күндө бир нече компания менен иштеп, активдерге жана бизнес стратегиясына таасир эткен чечимдерди кабыл алууда мен дал ушул негизге таянам. Университет мага пайдубал берди, ал эми кийинки кесиптик жолум аны чыныгы мазмун жана тажрыйба менен толуктады.
Студенттерге жана абитуриенттерге кеңешим жөнөкөй: мүмкүн болушунча эртерээк практика баштагыла жана жоопкерчиликтен коркпогула. Юридикалык жазуу көндүмдөрүн өнүктүрүп, ойлоруңарды так жана түшүнүктүү билдирүүгө үйрөнгүлө. Заманбап юрист үчүн укукту гана эмес, бизнес-процесстерди да түшүнүү маанилүү. Эң башкысы — кесиптик аброюңарды алгачкы кадамдардан тартып калыптандыргыла. Узак мөөнөттүү келечекте бул эң баалуу актив. Деңгээлиңерди бийик сактагыла, ишенимдүү аракеттенгиле жана жоопкерчиликти алуудан коркпогула.

ЮРИСПРУДЕНЦИЯ
2022
Акбаралиев Бекзад
Мен 2018-жылы БАЭУга «Юриспруденция» багыты боюнча тапшырып, 2022-жылы бакалавриатты аяктадым. Артка кылчайып карасам, ишенимдүү айта алам: окуу жылдары менин кесиптик карьерамдын бекем пайдубалы болду.
Алгачкы курстардан тартып эле мен окуу процессине гана эмес, окуудан тышкаркы иш-чараларга да мүмкүн болушунча активдүү катышууга аракет кылдым. Университеттеги юридикалык клиникага катышуу, кошумча лекциялар, семинарлар жана кесиптик иш-чаралар мага укукту теория жүзүндө гана эмес, реалдуу практикада да көрүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Окуу учурунда ар кандай уюмдарда пландан тышкаркы практикалардан өттүм. Мындай ар түрдүү тажрыйба мага ар кандай укуктук институттардын иш өзгөчөлүктөрүн түшүнүүгө жана кесиптик чөйрөгө тез ыңгайлашууга үйрөттү.
3-курстан баштап транспорттук компанияда иштей баштадым, ал жерде алган билимимди практика жүзүндө колдондум. 4-курста нотариалдык кеңсеге катчы болуп жумушка орноштум. Дал ошол учурда өзүмдүн кесиптик багытымды акыркы чечтим.
Нотариалдык тармактагы практика мага мыйзамдуулукту камсыз кылууда нотариустун ролу канчалык маанилүү экенин көрсөттү. Университетти аяктагандан кийин катчы кызматынан нотариустун жардамчысы кызматына өтүп, бул кызматта үч жыл иштедим.
Нотариус болуу чечими аң-сезимдүү кабыл алынган чечим болду. Лицензия алууга даярдык көрүү болжол менен бир жылга созулду: нормативдик - укуктук актыларды, тармактык мыйзамдарды жана укук нормаларын колдонуу практикасын терең өздөштүрүү талап кылынды. БАЭУдан алган бекем базанын аркасында даярдык процесси системалуу жана ырааттуу болду.
БАЭУдагы окуу системасы жеке билим берүү траекториясын түзүүгө, курстарды тандоого жана кызыккан багыттар боюнча тереңдетилген билим алууга мүмкүнчүлүк берди. Бул менин кесиптик өзүн-өзү аныктоомдо маанилүү роль ойноду.
Юрист катары калыптанышыма олуттуу салым кошкон окутуучуларга өзгөчө ыраазычылык билдирем: Тен Андрей Валерьевич, Куланбаева Зульфия Абдиловна, Шакдар Сулейман, Алиева Лейла Узбековна.
Алардын кесипкөйлүгү, талапкерчилиги жана практикага багытталган ыкмасы менде так юридикалык ой жүгүртүүнү калыптандырды.
Окуунун негизги артыкчылыгы теория менен практиканын айкалышы болду. Юридикалык клиника жана стажировкалар кесипке ишенимдүү кирүүгө мүмкүнчүлүк берген бекем пайдубал болуп берди. Ошондуктан карьерамдын башында олуттуу кыйынчылыктарга туш болгон жокмун, практикалык тажрыйба студенттик жылдарымда эле топтолгон.
Юридикалык факультеттин студенттерине кеңештер:
Мүмкүн болушунча эртерээк практикадан өтө баштаңыздар. Практикасыз теория кесипкөй адисти калыптандырбайт.
Милдеттүү программа менен гана чектелбеңиздер. Кошумча лекцияларга, конференцияларга, стажировкаларга катышыңыздар.
Юридикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүңүздөр. Мыйзам нормаларын жөн гана билүү жетишсиз, алардын логикасын жана колдонуу механизмин түшүнүү маанилүү.
Алгачкы курстардан тартып кесиптик абройуңуздарды түзүңүздөр. Иш берүүчүлөр тартипти, жоопкерчиликти жана демилгелүүлүктү баалашат.
Мүмкүн болушунча эртерээк адистешүү багытыңыздарды аныктаңыздар. Бул профиль боюнча тажрыйбаны максаттуу топтоого жардам берет.
Абитуриенттерге кеңештер:
Юриспруденция - бул жоопкерчиликтүү кесип. Эгер бул жолду тандасаңыздар, туруктуу билим алууга, өзүн-өзү тартипке салууга жана жогорку интеллектуалдык жүктөмгө даяр болуңуздар.
Эгер өзүңүздөрдүн үстүңүздөрдөн иштөөгө, ар бир мүмкүнчүлүктү өсүү үчүн пайдаланууга жана өзүңүздөрдү көрсөтүүдөн коркпоого даяр болсоңуздар - юридикалык билим сиздер үчүн бекем таяныч болот.
Менин БАЭУнун студентинен кесипкөй юристке чейинки жолум - бул системалуу билим алуунун, активдүү позициянын жана туруктуу кесиптик өнүгүүнүн жыйынтыгы. Университет мага билим гана бербестен, заманбап юрист кандай болушу керектигин түшүнүүгө да жардам берди: компетенттүү, жоопкерчиликтүү жана практикага багытталган.
Карьерамды ишенимдүү курууга мүмкүнчүлүк берген база үчүн университетке чын жүрөктөн ыраазымын.
