
БАЭУ ЖӨНҮНДӨ
БАЭУ МИССИЯСЫ
Борбордук Азиядагы Эл аралык университет америкалык жогорку билим берүү модели негизинде түзүлгөн, замандын демократиялык коомунун таланттуу, жогорку билимдүү лидерлерин даярдоого багытталган.
Университеттин негизги принциптери академиялык чынчылдык жана академиялык эркиндик болуп саналат. Университет интеллектуалдык эркиндикти жана коррупциясыз, коопсуз, эркин чөйрөнү камсыздоочу мекеме катары өзүн көрсөткөн.
Университеттин миссиясы — ааламдык ой жүгүртүүгө ээ, чынчылдыкка берилген, коомго кызмат кылуу максатында жеке жана кесиптик жөндөмдөрүн интеграциялоого жөндөмдүү жоопкерчиликтүү лидерлерди даярдоо.


УНИВЕРСИТЕТТИН МАКСАТТАРЫ
Борбордук Азиядагы 10 мыкты университеттин катарына кирүү
Эки диплом программасы боюнча бардык багыттарда магистратураны ачуу
Янг атындагы Жогорку бизнес, экономика жана маалымат технологиялары мектебинин ачылышы
Заманауи инновациялык көп деңгээлдүү билим берүү комплексин түзүү
БАЭУ АРТЫКЧЫЛЫГЫ
УНИВЕРСИТЕТТИН ТҮЗҮМҮ
Башкаруу түзүмү сызыктуу-функционалдык принципте иштейт. Университеттин администрациясы мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар, негиздөөчүлөр жана көзөмөл кеңеши, бүтүрүүчүлөр ассоциациясы менен кызматташтыкты камсыздайт; университеттин өнүгүүсү боюнча стратегикалык пландоону жүзөгө ашырат; ишмердүүлүктүн бардык багыттарын, анын ичинде каржылык аудитти талдайт.
Башкарууда комитеттердин маанилүү ролу бар, алар чечим…


ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИ
Университетте илимий изилдөө иштери (НИР) жана илимий изилдөө-иш тажрыйба (НИРС) принциптери кайра каралууда. Алар практикалык багыттагы, долбоордук ыкманы күчөтүүнү жана студенттерди изилдөө иштерине активдүү тартууну көздөйт.
«Бизнес башкаруу жана экономика» багыты боюнча 2016-жылдын сентябрь айынан бери «Бизнес клиника» ачылып, иштеп келет жана ишкер чилик тармагында консультациялык кызматтарды көрсөтөт.
2015-жылдан баштап «Юриспруденция»…
